Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:52

Зеленский Орусия Запорожье АЭСинде теракт пландаганын айтты, Кремль аны четке какты


Украинадагы Запорожье атомдук электр станциясынын сырткы көрүнүшү. Энергодар шаары. 29-март, 2023-жыл. REUTERS/Александр Ермоченко
Украинадагы Запорожье атомдук электр станциясынын сырткы көрүнүшү. Энергодар шаары. 29-март, 2023-жыл. REUTERS/Александр Ермоченко

Украинанын президенти Владимир Зеленский 22-июнда украин чалгын кызматтарында Орусия Запорожье атомдук электр станциясында "террордук акт уюштурууну пландап жатканы тууралуу" маалымат бар экенин билдирди.

Президент видеокайрылууда Киев чалгын кызматынын маалыматын эл аралык өнөктөштөргө бере турганын айтты.

"Тилекке каршы, радиациянын мамлекеттик чек арасы жок экенин дагы бир ирет кайталайм. Ал кай жакка тарай турганын шамалдын багыты аныктайт. Биздеги маалыматты дүйнөдөгү баардык өнөктөштөрүбүз менен бөлүшөбүз".

Зеленский атайын кызматтарда кандай далилдер бар экенин ачыктаган жок.

Алты реактордон турган, Европадагы эң ири деп саналган Запорожье атомдук электр станциясы былтыр март айынан бери орус армиясынын көзөмөлүндө турат.

Зеленскийдин бул билдирүүсүн Кремлдин расмий өкүлү "кезектеги калп" деп атады.

Дмитрий Песков жакында эле Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) өкүлдөрү жерине барган учурда АЭСтин ишин жогору баалаганын кошумчалады.

МАГАТЭнин башкы директору Рафаэль Гросси Украинадагы АЭСке 15-июнда барган.

Анын сапары электр станцияга Кахов ГЭСинин жарылуусу кандай таасир эткенин баалоо максатын көздөгөн.

Жарылуудан кийинки жагдай станция үчүн коркунучтуу экени айтылган. Бирок МАГАТЭ азырынча станцияга кооптуу кырдаал жарала электигин маалымдаган.

Украинанын аймагында Орусиянын согушу уланып жаткан кезде, 6-июнга караган түнү Кахов ГЭСинин дамбасы жардырылып, Херсон облусунун бир катар конуштарын суу каптаган. 30га жакын адам өлүп, миңдеген тургун коопсуз жакка көчүрүлдү. Бул үчүн Киев менен Москва бири-бирин айыптап жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG