Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:38

“Медиа Полиси Институту” балдарга зыяндуу маалымат тараткандар боюнча мыйзам чийки экенин билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандагы “Медиа Полиси Институту” уюму балдарга зыяндуу маалымат тараткандарды тыйып, айып салууну сунуштаган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш чукул кабыл алганын билдирди.

Аталган уюм бүгүн, 23-июнда билдирүү таратып, аталган мыйзамдын долбоору кайра иштелип чыгышы зарыл экенин белгилеген.

"Бул мыйзам долбоору цензураны жана жарандардын маалымат алышын чектеген дагы бир административдик рычаг болуп саналат деп эсептейбиз. Ал эми демилгечилердин балдар үчүн коопсуз маалыматтык чөйрөнү түзүү максатында деген билдирүүлөрү - жөн эле популизм жана катуу иштеп жаткандай түр көрсөтүү. Биз мыйзамдын долбоору шашылыш кабыл алганына коомчулуктун көңүлүн бурабыз. Ал парламенттик угуу өткөрбөй, мыйзамда көрсөтүлгөн эрежелерди бузуу менен кабыл алынды. Долбоордун мазмуну нормативдик ченемдердеги тактык жана айкындык талаптарына жооп бербейт", - деп жазылган аталган уюмдун билдирүүсүндө.

“Медиа Полиси Институту” уюму президент Садыр Жапаров мыйзамдын долбоору эксперттер, эл аралык укуктук нормалардын сакталышына анализ жасоо жана башка мүчүлүштүктөрдү жоюу үчүн кайра иштеп чыгууга Жогорку Кеңешке кайтарылышы керектигин белгилеген.

21-июнда Жогорку Кеңеш балдардын ден соолугуна же өнүгүүсүнө зыян келтирүүчү ачык булактардагы маалыматтарды көзөмөлдөөгө багытталган мыйзам долбоорyн карап, экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алган.

Андай маалыматтарды жарыялоо үчүн айып салуу сунушталууда. Мыйзам долбоорунун демилгечиси депутат Жамиля Исаева. Мыйзам долбоору азыр колдонуудагы "ЖМК жөнүндөгү" мыйзамга жана Укук бузуулар жөнүндөгү кодекске түзөтүүлөрдү киргизет.

Мыйзам кабыл алынса, балдардын ден соолугуна зыян келтирген маалыматтарды (зомбулук, катаал мамиле, маңзат, тамеки, уят сөздөрдү жана порнографиялык мүнөздөгү) тараткандарга кылмыштын курамы жок болгон учурда 2 миң сомдон 25 миң сомго чейин айып салынат. Буга ушул багытта жазган массалык маалымат каражаттары, социалдык тармактардагы пикирлер дагы кириши ыктымал.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев парламенттин 7-июндагы жыйынында мыйзам менен тыюу салуу жакшы эмес экенин белгилеп, анын ордуна альтернативдүү ыкманы сунуштоо зарыл экенин айткан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG