Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:21

Кыргызстандык мигрант: Ростов-на-Донуда базар жана жолдор жабылды


Ростов-на-Дону шаары бүгүн. 24-июнь, 2023-жыл.
Ростов-на-Дону шаары бүгүн. 24-июнь, 2023-жыл.

Орусиянын Ростов-на-Дону шаарында ишемби күнү базарлар, айрым ири жолдор жабылганын шаарда иштеген кыргызстандык мигрант "Азаттык" радиосуна билдирди.

Анын айтуусунда 24-июнда базарды ачууга уруксат берилген эмес.

"Биз шаардын сыртында турабыз. Базар да шаардын четинде. Биз тарап тынч эле, бирок ошентсе да бизге базарды ачтырбай коюшту. Чоң трассалар да жабылды дешти. Шаардын борборун билбейм, бирок бизге эртеден бери Кыргызстандагы туугандар чалып, кабатыр болуп атышат", -деди атын ачык атабоону суранган мигрант.

Анын сөзүнө карагандаа шаар тургундарына "мүмкүн болсо эки жакка, алыс жолго чыкпай туруу" эскертилген.

Москвада болсо абал тынч экенин Орусиядагы "Ноокат" коомдук уюмунун башчысы, ишкер Толкунбай Акматов "Азаттыкка" билдирди.

"Түндө танктар ары-бери жүргөнүн уккандар бар экен. Эртең менен айрым мекендештер да мага чалып, айтышты. Азыр мен "Домодедово" аэропортуна баратам, жолдор ачык. Танктар деле, жол тоскон полиция кызматкерлери деле көрүнбөйт. Тополоң болуп атыптыр деп биз да соцтармактардан, телеканалдардан окуп, көрүп атабыз".

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги азырынча кырдаалга байланыштуу кыргызстандык мигранттардын абалы тууралуу маалымат бере элек.

"Вагнер" жеке аскердик компаниясынын башчысы Евгений Пригожин Ростов-на-Дону шаарын көзөмөлүнө алганын билдирүүдө. Ал Телеграм каналы аркылуу "Эгер орус бийлиги коргоо министри Сергей Шойгу менен Башкы штабдын жетекчиси Валерий Герасимовду колуна өткөрүп бербесе, Москвага бара турганын" айтты.

24-июнда Федералдык коопсуздук комитети Пригожинге кылмыш ишин козгоду.

23-июнда эртең менен Евгений Пригожин Телеграм каналына интервью берип, коргоо министри Сергей Шойгуну эле эмес, Украинага согуш баштоо идеясын сынга алган. Ал согуш аны баштагандарга пиар үчүн керек болгонун айткан. Ушул эле күнү кечинде Пригожиндин каналдарында "Вагнердин" командирлеринин кайрылуулары деген аудиолор пайда болгон. Анда Пригожиндикине үнү окшош адам "вагнерчилер" "өлкөнүн аскер жетекчилиги баштаган балээни" токтотууга тийиш экенин жарыялаган.

Ага чейин, 22-июнда Евгений Пригожин Орусиянын Коргоо министрлигин анын тобунун лагерлерине сокку урууга айыптап, мунун айынан кол астындагы көп адамы өлгөнүн айткан. Пригожин бирок сокку качан, кайсы жерде урулганын тактаган эмес. "Вагнерчилер" "өлкөдө эмнеге мындай башаламандык болуп жатканын териштире" турганын белгилеген.

24-июнда Орусиянын Коргоо министрлиги Евгений Пригожин таратты деген бул маалымат чындыкка дал келбеген чагым экенин билдирди.

  • Пригожин менен Коргоо министрлигинин чыры бир нече айдан бери уланып келет. Бахмуттагы кармаш учурунда Пригожин бир канча жолу видео кайрылуу жасап, Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу менен Башкы штабдын жетекчиси Валерий Герасимовду сындаган. Пригожин аларды курал-жарак жетишсиздигине жана "орустун жерлерин" берип салганга айыптап, "бул персонаждар жазаланмайынча" териштирүүнү токтотпой турганын билдирген. Орусиянын Коргоо министрлиги бул билдирүүлөрдүн көбүнө комментарий берген эмес.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG