Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:05

Британиянын Коргоо министрлиги Орусиядагы кырдаалды "мамлекетке олуттуу чакырык" деп сыпаттады


"Вагнердин" жетекчиси Евгений Пригожин. Иллюстрациялык сүрөт.
"Вагнердин" жетекчиси Евгений Пригожин. Иллюстрациялык сүрөт.

Британиянын Коргоо министрлиги "Вагнер" жеке аскердик компаниясынын (ЖАК) демаршын "Орусия мамлекетине жасалган олуттуу чакырык" деп сыпаттады.

Бул тууралуу министрликтин күнүмдүк билдирүүсүндө айтылганын Би-Би-Си кабарлады.

"Жакынкы сааттарда Орусиянын коопсуздук күчтөрү кризистин өнүгүшүнүн эң маанилүү чегине жетет. Бул акыркы убактардагы Орусия мамлекетине карата жасалган эң олуттуу чакырык" деп жазылган билдирүүдө.

Маалыматта "Вагнердин" жалданма аскерлери Орусиянын чек арасына кеминде эки жерден өтүп, Ростов-на-Донудагы аскер штабын ээлегени жана алардын бир бөлүгү Москвага жетүүгө аракеттенип жатканы, аларга жолдон аскер же башка күчтөр тарабынан эч кандай тоскоолдук болбогону жазылган.

"Вагнер" жеке аскердик компаниясынын башчысы Евгений Пригожин жалданма аскерлери Ростов-на-Дону шаарын көзөмөлгө алганын, эгер орус бийлиги коргоо министри Сергей Шойгу менен Башкы штабдын башчысы Валерий Герасимовду колуна өткөрүп бербесе, шаарды тосмолоп, андан кийин Москвага бара турганын билдирген.

Орусиянын президенти Владимир Путин 24-июнда мамлекеттик телеканалдар аркылуу түз эфирде элге кайрылып, "Вагнердин" аракеттерин “куралдуу козголоң” деп мүнөздөдү. Пригожинди "Орусияга чыккынчылык кылды" деп айыптады.

Ага чейин Федералдык коопсуздук комитети Пригожинге кылмыш ишин козгогон.

  • 23-июнда эртең менен Евгений Пригожин Телеграм каналына интервью берип, коргоо министри Сергей Шойгуну эле эмес, Украинага согуш баштоо идеясын сынга алган. Ал согуш аны баштагандарга пиар үчүн керек болгонун айткан. Ушул эле күнү кечинде Пригожиндин каналдарында "Вагнердин" командирлеринин кайрылуулары деген аудиолор пайда болгон. Анда Пригожиндикине үнү окшош адам "вагнерчилер" "өлкөнүн аскер жетекчилиги баштаган балээни" токтотууга тийиш экенин жарыялаган.
  • Ага чейин, 22-июнда Евгений Пригожин Орусиянын Коргоо министрлигин анын тобунун лагерлерине сокку урууга айыптап, мунун айынан кол астындагы көп адамы өлгөнүн айткан. Пригожин бирок сокку качан, кайсы жерде урулганын тактаган эмес. "Вагнерчилер" "өлкөдө эмнеге мындай башаламандык болуп жатканын териштире" турганын белгилеген. 24-июнда Орусиянын Коргоо министрлиги Евгений Пригожин таратты деген бул маалымат чындыкка дал келбеген чагым экенин билдирди.
  • Пригожин менен Коргоо министрлигинин чыры бир нече айдан бери уланып келет. Бахмуттагы кармаш учурунда Пригожин бир канча жолу видео кайрылуу жасап, Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу менен Башкы штабдын жетекчиси Валерий Герасимовду сындаган. Пригожин аларды курал-жарак жетишсиздигине жана "орустун жерлерин" берип салганга айыптап, "бул персонаждар жазаланмайынча" териштирүүнү токтотпой турганын билдирген. Орусиянын Коргоо министрлиги бул билдирүүлөрдүн көбүнө комментарий берген эмес.

XS
SM
MD
LG