Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:30

Чек арадагы 150дөй айылга өзгөчө макам берилет


Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасына жакын аймак. Баткен облусу.
Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасына жакын аймак. Баткен облусу.

Кыргызстандын чек ара аймагындагы 150дөй айылга өзгөчө макам берилет. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин 23-июндагы жыйынында белгилүү болду.

Мындай чечим “мамлекеттин коопсуздугун камсыздоо, мамлекеттик чек араны бекемдөө, чек ара аймактарындагы маселелерди чечүү, социалдык-экономикалык өнүгүүгө дем берүү, чек ара аймактарында жашаган калктын турмуш-шартын жакшыртуу, алардын арасында ички миграцияны токтотуу максатын көздөйт” деп жазылган өкмөттүк маалыматта.

Өзгөчө макам кайсы айылдарга берилери жана ал кандай документ менен жөнгө салынары азырынча белгисиз.

2022-жылдын январында Баткен облусундагы Тажикстан менен чектеш аймактарда жайгашкан 62 айылга өзгөчө макам ыйгарылган. Өзгөчө макамга ээ айылдарга мамлекеттен субсидиялар жана дотациялар берилген, айрым төлөмдөрдөн бошотулган. Бул үчүн бюджеттен 250 млн. сомдон ашуун каражат бөлүнгөн.

Министрлер кабинети өзгөчө макамы бар конуштардын тизмеси дагы кеңейтиле турганын кабарлаган. Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев январь айында өзгөчө макам ыйгарылуучу айылдардын экинчи тизмеси даярдалып жатканын жана аларга кошумча 800 млн. сом талап кылынарын билдирген.

Буга чейин чек арадагы 62 айылга өзгөчө макам берилгенде Баткен облусунда бир кыйла нааразылыктар айтылган. Ага айылдарды тизмеге киргизүүдө калыстык болбогону, чек арадагы көп айылдар кирбей, алардын ордуна ички аймакта жайгашкан конуштар кирип калганы себеп болгон. (KbA)

XS
SM
MD
LG