Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:03

Москвадан Кыргызстанга учкан авиакаттамдардын билети кымбаттады


Авиабилеттерди саткан Aviasales ресурсу. 24-июнь 2023-ж.
Авиабилеттерди саткан Aviasales ресурсу. 24-июнь 2023-ж.

Москвадан Кыргызстанга учкан авиакаттамдардын билети кескин кымбаттап кетти. Билет сатуучу ишкерлердин маалыматына ылайык, ишемби күнү түштөн кийин Москва-Бишкек багытына 18 миң сомго, Москва-Ош багытына 20 миң сомго чейин сатылды. Буга чейин алардын баасы 10500-14 миң сом болчу.

Aviasales ресурсундагы маалыматка ылайык, Москвадан Бишкекке жана Ошко 24-25-июнда уча турган авиакаттамдардын эконом класстагы билети 60 миң рублден ашууда. Ал эми Bookit порталы 24-июнда уча турган Москва-Бишкек каттамындагы авиабилеттин баасы 77 миң сомго жеткенин көрсөтүүдө. Ал билеттер да калбай калууда.

Baza ресурсунун маалыматына караганда, ишембинин кечине карай Москвадан Стамбул, Астана жана Тбилисиге карай учкан авиакаттамдардын билети калбай калды. “Ереванга карай түз каттамдын авиабилети 198 миң рублге чейин жетти, адатта ал 10 миң рублдин айланасында болчу” деп жазды Baza.

Aviasales ресурсу 24-25-июнда уча турган Москва-Ереван багытына 235 миң рублден, Тбилисиге 300 миң рублден ашуун сатылып жатканын көрсөтөт. Алматы менен Стамбулга билет калбай калган.

Орусияда авиабилеттер 2022-жылдын сентябрь айында аскерге мобилизациялоо жарыяланганда кымбаттаган болчу. Анда да орус жарандары жапырт өлкөдөн чыгууга шашып, авиабилеттердин таңкыстыгы жаралган. Москвадан Бишкек, Алматы, Тбилиси, Ереван, Дубай, Стамбулга учкан каттамдарынын билеттери кыска мөөнөттө эле 5-6 эсеге кымбаттап кеткен. (KbA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG