Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:54

Евробиримдик кризистик борборун активдештирди


Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Жозеп Боррел
Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Жозеп Боррел

Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Жозеп Боррел Орусиядагы соңку кырдаалдан улам кризистик борборун активдештиргенин билдирди.

Ал "Чоң жетиге" кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери менен телефон чалышып, Орусиядагы абал туурасында пикир алмашканын айтты.

“Дүйшөмбү күнкү Евробиримдиктин кеңешинин жыйынынын алдында мен биримдиктин ичиндеги аракеттеримди координациялап, кризистик борбордун ишин жанданттым”, - деп 24-июнда Твиттерге жазды.

“Вагнердин” жалданма жоочулары Ростов-на-Дону шаарын басып алып, Москва тарапты көздөй багыт алганы кабарланууда. Алардын лидери Евгений Пригожин Украинадагы ийгиликсиз согуш үчүн коррупциялашкан, компетентсиз командирлерди айтыптап, аларды алуу максатын көздөп жатканын билдирүүдө.

Орус президенти Владимир Путин "Вагнердин" аракеттерин “куралдуу козголоң” деп мүнөздөп, Пригожинди Орусиянын аскерий жетекчилигин кулатуу үчүн “жеке амбициясынан улам Орусияга чыккынчылык кылды" деп айыптады.

Бир катар өлкөлөр Орусиядагы кырдаалга көз салып турганын билдиришти.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG