Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:17

Зеленский "Вагнердин" козголоңун Орусиянын алсыздыгы катары сыпаттады


Украинанын президенти Владимир Зеленский.
Украинанын президенти Владимир Зеленский.

Украинанын президенти Владимир Зеленский "Вагнердин" башчысы Евгений Пригожиндин козголоңу тууралуу комментарий берди. Ал Украинада согуш узарган сайын Орусиянын өзүндө башаламандык күч аларын белгиледи.

"Ниети карайган ким болбосун биринчи өзүн талкалайт. Орусиянын башчылары келесоолугун жана алсыздыгын ушуга чейин жашырып келди. Эми башаламандык күчөп кетти, калп менен эч нерсени жаап-жашырууга мүмкүн болбой калды. Мунун баарын 1917-жылды айтып, улам-улам коркутуп жаткан, чындап келсе колунан эч нерсе келбеген бир адам кылууда. Орусиянын алсыздыгы айдан ачык. Биздин жерде аскерин кармаган сайын Орусиянын өзүндө башаламандык, оору жана көйгөй күчөй берет", - деди Владимир Зеленский.

Зеленский комментарий бергенге чейин украин президентинин кеңсесинин башчысынын кеңешчиси Михаил Подоляк Евгений Пригожиндин козголоңун Орусияда жарандык согуштун башталышы деп сыпаттаган. Ал Украинанын контрчабуулунун башталышы - орус элитасын биротоло ыркын бузду" деп белгиледи.

Подоляк Орусиядагы окуя украин бийлиги былтыр айткан сценарий менен кетип баратканын айтып, Украина 1991-жылкы чек арасын көздөй жылууну уланта берерин билдирди.

Орусиянын президенти Владимир Путин 24-июнда кырдаал боюнча теле кайрылуу жасап, "Вагнер" тобунун аракетин "чыккынчылык" деп айыптаган. Ага чейин Федералдык коопсуздук комитети Пригожинге кылмыш ишин козгогон.

23-июнда эртең менен Евгений Пригожин Телеграм каналына интервью берип, коргоо министри Сергей Шойгуну эле эмес, Украинага согуш баштоо идеясын сынга алган. Ал согуш аны баштагандарга пиар үчүн керек болгонун айткан. Ушул эле күнү кечинде Пригожиндин каналдарында "Вагнердин" командирлеринин кайрылуулары деген аудиолор пайда болгон. Анда Пригожиндикине үнү окшош адам "вагнерчилер" "өлкөнүн аскер жетекчилиги баштаган балээни" токтотууга тийиш экенин жарыялаган.

Ага чейин, 22-июнда Евгений Пригожин Орусиянын Коргоо министрлигин анын тобунун лагерлерине сокку урууга айыптап, мунун айынан кол астындагы көп адамы өлгөнүн айткан. Пригожин бирок сокку качан, кайсы жерде урулганын тактаган эмес. "Вагнерчилер" "өлкөдө эмнеге мындай башаламандык болуп жатканын териштире" турганын белгилеген. 24-июнда Орусиянын Коргоо министрлиги Евгений Пригожин таратты деген бул маалымат чындыкка дал келбеген чагым экенин билдирди.

  • Пригожин менен Коргоо министрлигинин чыры бир нече айдан бери уланып келет. Бахмуттагы кармаш учурунда Пригожин бир канча жолу видео кайрылуу жасап, Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу менен Башкы штабдын жетекчиси Валерий Герасимовду сындаган. Пригожин аларды курал-жарак жетишсиздигине жана "орустун жерлерин" берип салганга айыптап, "бул персонаждар жазаланмайынча" териштирүүнү токтотпой турганын билдирген. Орусиянын Коргоо министрлиги бул билдирүүлөрдүн көбүнө комментарий берген эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG