Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:03

Бир катар өлкөлөр Орусиядагы кырдаалга көз салып турганын билдиришти


Ростов-на-Дону шаарынын көчөсүндө жүргөн "вагнерчилер".
Ростов-на-Дону шаарынын көчөсүндө жүргөн "вагнерчилер".

Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн лидерлери кырдаалга байкоо салып турат жана болуп жаткан окуяны Орусиянын ички иши деп эсептейт. Бул тууралуу Еврокомиссиянын өкүлү Евгений Пригожиндин козголоңуна комментарий берип жатып билдирди.

АКШ президентинин Улуттук коопсуздук боюнча өкүлү Адам Ходж Вашингтон да кырдаалга көз салып турганын "Америка авазы" радиосуна билдирген. "Биз өнөктөштөрүбүз жана союздаштарыбыз менен кеңешебиз", - деди ал.

Польшанын президенти Анджей Дуда Орусиядагы кырдаалды улам өз өлкөсүнүн өкмөт башчысы, коргоо министри жана башка өнөктөштөрү менен талкуулаганы маалым болду. "Биз чыгыш чек арабыздагы кырдаалга кылдаттык менен көз салуудабыз" деп жазды ал Твиттердеги баракчасына .

Германиянын канцлери Олаф Шольцтун өкүлү "Берлин Орусиядагы кырдаалга кылдат көз салып турганын" билдирди. Франциянын президенти Эммануэл Макрон кырдаалга байкоо салып турганын жана "мурдагыдай эле Украинаны колдорун" анын өкүлдөрү билдиришти.

Орусиядагы окуяларды НАТО да байкап турганын аскердик альянстын өкүлү Financial Times агенттигине билдирген.

Мурдараак украин президентинин кеңсесинин башчысынын кеңешчиси Михаил Подоляк Евгений Пригожиндин козголоңун Орусияда жарандык согуштун башталышы деп сыпаттаган. Ал Украинанын контрчабуулу - орус элитасынын ыркын бузду" деп белгиледи.

Подоляк Орусиядагы окуя украин бийлиги былтыр айткан сценарий менен кетип баратканын айтып, Украина 1991-жылкы чек арасын көздөй жылууну уланта берерин билдирди.

"Вагнер" жеке аскердик компаниясынын башчысы Евгений Пригожин жалданма аскерлери Ростов-на-Дону шаарын көзөмөлгө алганын, эгер орус бийлиги коргоо министри Сергей Шойгу менен Башкы штабдын башчысы Валерий Герасимовду колуна өткөрүп бербесе, шаарды тосмолоп, андан кийин Москвага бара турганын билдирген.

Орусиянын президенти Владимир Путин 24-июнда мамлекеттик телеканалдар аркылуу түз эфирде элге кайрылып, "Вагнердин" аракеттерин “куралдуу козголоң” деп мүнөздөдү. Пригожинди "Орусияга чыккынчылык кылды" деп айыптады. Ростов-на-Донуда бардык жарандык жана аскердик бийлик органдарынын иши үзгүлтүккө учураганын айтты.

  • 23-июнда эртең менен Евгений Пригожин Телеграм каналына интервью берип, коргоо министри Сергей Шойгуну эле эмес, Украинага согуш баштоо идеясын сынга алган. Ал согуш аны баштагандарга пиар үчүн керек болгонун айткан. Ушул эле күнү кечинде Пригожиндин каналдарында "Вагнердин" командирлеринин кайрылуулары деген аудиолор пайда болгон. Анда Пригожиндикине үнү окшош адам "вагнерчилер" "өлкөнүн аскер жетекчилиги баштаган балээни" токтотууга тийиш экенин жарыялаган.
  • Ага чейин, 22-июнда Евгений Пригожин Орусиянын Коргоо министрлигин анын тобунун лагерлерине сокку урууга айыптап, мунун айынан кол астындагы көп адамы өлгөнүн айткан. Пригожин бирок сокку качан, кайсы жерде урулганын тактаган эмес. "Вагнерчилер" "өлкөдө эмнеге мындай башаламандык болуп жатканын териштире" турганын белгилеген. 24-июнда Орусиянын Коргоо министрлиги Евгений Пригожин таратты деген бул маалымат чындыкка дал келбеген чагым экенин билдирди.
  • Пригожин менен Коргоо министрлигинин чыры бир нече айдан бери уланып келет. Бахмуттагы кармаш учурунда Пригожин бир канча жолу видео кайрылуу жасап, Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу менен Башкы штабдын жетекчиси Валерий Герасимовду сындаган. Пригожин аларды курал-жарак жетишсиздигине жана "орустун жерлерин" берип салганга айыптап, "бул персонаждар жазаланмайынча" териштирүүнү токтотпой турганын билдирген. Орусиянын Коргоо министрлиги бул билдирүүлөрдүн көбүнө комментарий берген эмес.

XS
SM
MD
LG