Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:16

Москва менен жеке маалымат алмашуу аңдууга жол ачабы?


Кыргызстанда жүргөн орусиялык активист Алена Крылова адамды жүзүнөн тааныган камеранын жардамы менен аныкталган.
Кыргызстанда жүргөн орусиялык активист Алена Крылова адамды жүзүнөн тааныган камеранын жардамы менен аныкталган.

Кыргызстан, Казакстан жана Орусия менен жеке маалыматтарды алмашуу боюнча макулдашууну колдоду. 2020-жылы декабрдагы макулдашууну ратификациялоо боюнча мыйзамга президент Садыр Жапаров 21-июнда кол койду.

Келишим Орусиядан мобилизациядан улам орусиялыктар чет өлкөлөргө качып, анын ичинде Кыргызстанга келип жаткан маалга туура келди. Бийлик бул документ мигранттардын маселесин жеңилдете турганын айтса, жарандык коом мунун арты менен аңдуулар, тоталитардык аракеттер күч алышы мүмкүн деп кооптонууда.

Үч мамлекет кол койгон документке ылайык, аталган өлкөлөр бири-биринен адамдардын жарандыгы, туруктуу жашоого уруксат документи, үчүнчү өлкөлөрдүн жарандарынын жана жарандыгы жок адамдардын жашаган жери боюнча миграциялык каттоого коюу, виза, кыймылсыз мүлк боюнча маалыматтарды алмашып турат.

Бул үчүн мамлекеттердин ортолук маалыматтык базасы болбойт, алмашуулар жалаң кат түрүндө гана аткарылат.

Жеке маалыматтарды коргоо агенттигинин башкы инспектору Турсун Мамбетакунова өлкөлөр ортосундагы маалымат алмашуу буга чейин эле болуп келгенин, макулдашуу бул процессти жеңилдете турганын айтты. Анткени буга чейин маалымат алмашуулар бир гана Тышкы иштер министрликтери аркылуу жүргүзүлүп келсе, эми мамлекеттик мекемелер түз эле кайрылып, керек маалыматты сурай алат.

“Мисалы, Кыргызстандын Ички иштер министрлиги Орусиянын ИИМине түз кайрылып, маалымат сурай алат. Алар да катка түз эле жооп берет. Эгерде суралган маалымат мамлекеттин же жарандын коопсуздугуна коркунуч келтирет деп эсептесек, аны берүүдөн баш тартабыз. Бул макулдашууда көрсөтүлгөн норма. Маалыматтар автоматтык түрдө жөнөтүлбөйт. Өтүнүчкө карап гана кат түрүндө жооп берилет. Бул биздин мигранттар үчүн ыңгайлуу болот. Анткени Орусиядагы мамлекеттик органдарга кайрылганда 60 күнгө чейин күтүп калган учурлары болот. Эми макулдашуу бул процессти тездетет”.

Келишим мобилизациядан улам орусиялыктар чет өлкөлөргө, анын ичинде Кыргызстанга чыккан учурга туш келди. Маселен, соңку апталарда Кыргызстанда жашап жүргөн төрт орусиялык кармалып, алардын экөө өз мекенине өткөрүлүп берилген.

Кармалгандардын бири орусиялык активист Алена Крылова Кыргызстанда жаңы колдонула баштаган, адамды жүзүнөн тааныган камеранын жардамы менен аныкталган.

“Акылдуу камералардан” кийин үч мамлекеттин ортосундагы маалымат алмашуу процессинин жөнөкөйлөтүлгөнүнөн күмөн санап, жарандардын укугунун кепилдигине коркунуч жаралат дегендер да бар.

Юрист Нурбек Токтакунов маалымат алмашууга буга чейин эле жетиштүү шарт түзүлгөнүн, мында башка көмүскө максаттар да бар экенин айтты:

“Маалымат бекем сакталышы керек. Укук коргоо органдары жеке маалыматтар керек учурда атайын өтүнмө менен, болгондо да соттун чечими менен гана ала турган болушу керек. Биз азыр Орусияга жакындап калдык. Бул жерде айтылган Орусия, Казакстан тоталитардык режимдер. Мигранттарга жакшы шарт түзөбүз, кызмат көрсөтүүнү жакшыртабыз деп коё беришет. Мындагы максат жарандарды көзөмөлдөө, жарандык активисттердин аракетин аңдуу болуп жатат”.


Кыргызстанда жарандын жеке маалыматынын купуялуулугу тууралуу талкуу адамды жүзүнөн тааныган камералар ишке кирген учурда да жүргөн. Ички иштер министрлиги бир апта мурда Көз каранды эмес өлкөлөр шериктештигинде (КМШ) мамлекет аралык издөө жарыяланган 57 адамды ушул камералардын жардамы менен кармаганын маалымдаган.

Ошондо орусиялык күч түзүмдөрү кыргызстандык кесиптештерине мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн 85 миң кишинин сүрөттөрүн өткөрүп бергени да айтылган. Соңку геосаясий өзгөрүүлөрдүн фонунда изоляцияда калып жаткан орус бийлиги менен тыгыз кызматташуунун кесепетинен чочулагандар да бар.

Саясат талдоочу Алмаз Тажыбай бул макулдашууну Кремлдин Борбор Азия өлкөлөрүнө таасирин күчөтүүнүн “чынжырлашкан” аракети катары баалады.

“Бул жерде Орусия мурдагы советтик мамлекеттерди коё бербей, мурдагыдай “империялык” дымак менен кармап тургусу келет. Коопсуздук жагын алсак, атайын кызматы, милициясы бир мектептен чыгат. Бул стандартты Федералдык коопсуздук комитети (ФСБ) аныктап, бизге жайылтып келет. Экономикалык жактан да ЕАЭБге кирдик. Бул дагы Орусиянын стандартын бизге сиңирип, калыптандыра турган амал болгон”.

Тажыбай бийлик жеке маалыматтарды алмашууну жеңилдетүүдө коопсуздукту назарга тутканы менен адам укугун унутта калтырбашы керек дейт.

Эл аралык Human Rights Watch уюму 2019-жылы Кытайдын Кыргызстанда адамды жүзүнөн тааныган видеокамераларынын орнотулушун сынга алган. Анда адамдын жүзүн таануу технологиясы бийликке жарандарды толугу менен көзөмөлдөө чылбырын берип, эркиндигин чектейт деп камтама болгон. Украинадагы согуштун фонунда азыр бул камералар жана маалымат алмашуунун жеңилдеши Кремлдин саясатын колдобой, согуштан качып келген орусиялыктарды аныктоого жардам берет деп тынчсыздангандар бар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG