Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:42

Волгоградда саясат таануучу Михаил Серенко кармалды


Михаил Серенко.
Михаил Серенко.

Волгоградда саясат таануучу Михаил Серенко кармалды. Ал "Вагнер" жеке аскердик компаниясынын башчысы Пригожиндин козголоңуна көмөктөшүүгө шек саналып жатышы ыктымал экени айтылды. "Блокнот Волгоград" басылмасы саясат таануучу жана Тракторозаводск районунун мурдагы башчысы Серенко 24-июндун кечинде кармалганын анын туугандарына таянып жазды.

Саясат таануучунун жубайы журналисттерге билдиргендей, кечки саат 10дордо Серенко үй-бүлөсү менен жашаган батирге куралчан алты адам жана бир тергөөчү киришкен. Күч органдары батирдеги дээрлик бардык жабдыктарды алып чыгып, болжол менен бөлүмгө алып кетишкен. Адвокат менен байланышууга уруксат берилген эмес.

"Алар коңгуроону дагы какпастан үйгө кирип келишти. Биздин телефон жана эки эски планшетти эске албаганда бардык техниканы алып кетишти. Тергөөчүнүн окуп бергенине караганда, "Вагнердин" козголоңу боюнча ачылган кылмыш ишине байланыштуу болушу ыктымал жана ага Серенко көмөк көрсөтүшү мүмкүн имиш. Бул толугу менен калп", - деди анын аялы.

Жактоочусу ишти Федералдык коопсуздук кызматы карап жатканын, Серенкону эмнеге айыптап жатышканы азырынча белгисиз экенин билдирди.

24-июнда Ростов-на-Дону шаарын басып алып, Москва тарапты көздөй багыт алганы кабарланган “Вагнердин” жалданма жоочулары компаниянын башчысы Евгений Пригожин менен орус бийлигинин макулдашуусунан кийин артка кайткан. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков макулдашуу болгонун ырастап, ага ылайык Пригожин Беларуска барарын билдирген. Пригожин өзү бул тууралуу комментарий бере элек.

Мунун алдында Пригожин Украинадагы ийгиликсиз согуш үчүн коррупциялашкан, компетентсиз командирлерди айтыптап, аларды алуу максатын көздөп жатканын билдирген. Күн бою Ростов тарапка "Ахмат" отряды баратканы кабарланып, бирок алар белгиленген жерге жетишкен эмес.

Орус президенти Владимир Путин "Вагнердин" аракеттерин “куралдуу козголоң” деп мүнөздөп, Пригожинди Орусиянын аскерий жетекчилигин кулатуу үчүн “жеке амбициясынан улам чыккынчылык кылды" деп айыптаган. Бир катар өлкөлөр Орусиядагы кырдаалга көз салып турат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG