Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:59

"Вагнердин" жоочулары Липецк жана Воронежден чыгып кетүүдө


Ростов-на-Дону, 24-июнь, 2023
Ростов-на-Дону, 24-июнь, 2023

"Вагнер" жеке аскердик компаниясынын куралдуу күчтөрү ишембидеги козголоң аракетинен кийин Липецк жана Воронеж облустарынан чыгып кетүүдө. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик билдирди. "Вагнердин" негиздөөчүсү Евгений Пригожин кайда экени белгисиз.

Воронеж облусунун губернатору Александр Гусевдин айтымында, "Вагнердин" жоочулары аймак аркылуу "ырааттуу түрдө жана эч кандай маселе жаратпастан" чыгып жатат. Гусев "Вагнердин" аскерлери аймактан толугу менен чыгып кеткенден кийин жарандардын жолдордо жүрүүсүнө коюлган чектөөлөр алынарын билдирди. Губернатор келтирилген зыяндын ордун толтурууга чара көрүүнү убада кылды.

Липецк облусунун бийлиги "вагнерчилер" толугу менен аймактан чыгып кеткенин кабарлады. Облуста соңку кырдаалга байланыштуу киргизилген чектөөлөр алынып, транспортук кыймыл калыбына келтирилди.

Чеченстандын атайын күчтөрүнүн "Ахмат" батальонунун командири Апты Алаудиновдун айтымында, анын аскерлери Украинадагы "атайын аскердик операция болгон аймакка" кайтып жатышат. Буга чейин "Ахмат" "Вагнердин" куралдуу козголоңуна каршы Ростовго жөнөтүлгөн, бирок ал келгенде кырдаал сүйлөшүү жолу менен чечилип калган.

Ростов-на-Дону шаарынын мэри Алексей Логвиненконун айтымында, "Вагнердин" оор бронетехникасы 10 миң чарчы метр жолдун аянтын жарактан чыгарган. Түштүк аскер округунун штабы жайгашкан Буденнов проспектиси эң көп зыян тарткан. Шаар бийлиги эки күндүн ичинде жолдорду оңдоп берүүнү убада кылды.

Липецк облусунда "Вагнердин" техникасын тоскоол болуу үчүн экскаваторлор менен жолдор казылган. Учурда ошол жолдорду дагы оңдоо иштери жүрүп жатат.

  • 23-июнда эртең менен Евгений Пригожин Телеграм-каналына интервью берип, коргоо министри Сергей Шойгуну эле эмес, Украинага согуш баштоо идеясын сынга алган. Ал согуш аны баштагандарга пиар үчүн керек болгонун айткан. Ушул эле күнү кечинде Пригожиндин каналдарында "Вагнердин" командирлеринин кайрылуулары деген аудиолор пайда болгон. Анда Пригожиндикине үнү окшош адам "вагнерчилер" "өлкөнүн аскер жетекчилиги баштаган балээни" токтотууга тийиш экенин жарыялаган. Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу менен Башкы штабдын башчысы Валерий Герасимовду жоопкерчиликке тартууну талап кылып, 25 миңдей "вагнерчилер" Москвага көздөй бет алганын жарыялаган. Бир сутканын ичинде "Вагнер" Ростов-на-Дону жана болжол менен Воронежди көзөмөлгө алган.
  • Орус президенти Владимир Путин "Вагнердин" аракеттерин “куралдуу козголоң” деп мүнөздөп, Пригожинди Орусиянын аскерий жетекчилигин кулатуу үчүн “жеке амбициясынан улам чыккынчылык кылды" деп айыптаган. Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы "куралдуу козголоң үчүн ага кылмыш ишин козгогон.
  • Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков "Вагнер" жеке аскердик компаниясынын башчысы Евгений Пригожин менен жалданма отрядынын "куралдуу козголоңун" токтотуу боюнча келишим болгонун ырастаган. Анын айтымында, сүйлөшүүлөргө "Пригожин менен 20 жылдан ашуун убактан бери тааныш" беларус лидери Александр Лукашенко катышкан. "Куралдуу козголоң" боюнча кылмыш иши эмненин негизинде жабыларын Песков айткан эмес. Пригожин бул тууралуу комментарий бере элек.
  • Ага чейин, 22-июнда Евгений Пригожин Орусиянын Коргоо министрлигин анын тобунун лагерлерине сокку урууга айыптап, мунун айынан кол астындагы көп адамы өлгөнүн айткан. Пригожин бирок сокку качан, кайсы жерде урулганын тактаган эмес. "Вагнерчилер" "өлкөдө эмнеге мындай башаламандык болуп жатканын териштире" турганын белгилеген. 24-июнда Орусиянын Коргоо министрлиги Евгений Пригожин таратты деген маалымат чындыкка дал келбеген чагым экенин билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG