Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:07

Жогорку Кеңеште дагы бир нече депутат "агент" мыйзамынан баш тартты


Иллюстрациялык сүрөт. Жаран Асел Супатаеванын “чет өлкөлүк өкүл” мыйзамына каршы пикети. 2023-жылдын 10-июну, Бишкек.
Иллюстрациялык сүрөт. Жаран Асел Супатаеванын “чет өлкөлүк өкүл” мыйзамына каршы пикети. 2023-жылдын 10-июну, Бишкек.

Кыргызстанда бейөкмөт уюмдарга каршы мыйзам долбооруна автор болгон дагы бир нече депутат анын азыркыдай редакцияда кабыл алынышына каршы экенин билдирип чыгышты. Депутат Лейла Лурова 26-июнда “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып авторлуктан баш тартканын айтты:

“Алгач “эл аралык уюмдар бөлгөн акча кандайча сарпталып жатканы тууралуу отчет талап кылынат” деп гана айтышкан болчу. Мисалы, ЛГБТга байланыштуу маселеде, ооба, мен аларды Глобалдык фонддон каржылоонун ачык болушун колдойм, себеби үч жылда бир жолу 29 миллион деген Кыргызстан үчүн чоң акча. Бул мыйзамдын максаты ошол экен деп ойлогом. Бирок баары андан да терең экен, менин көз карашыма каршы келет экен. Анын үстүнө мен аялга жана балага зордук-зомбулук көрсөткөндөрдүн жазасын катуулатуу мыйзамынын демилгечисимин. Ал уюмдардын жардамысыз мындай күрөштү жүргүзүү реалдуу эмес”.

Ал эми депутат Карим Ханжеза өзүнүн сунуштары бар экенин, эгер алар өтпөсө авторлуктан баш тартарын билдирди:

“Баш тарткан жокмун, бирок сунуш киргизейин деген ниетим бар. Эгер менин сунуштарым өтпөсө, баш тартып коем. Азыркы редакцияга мен макул эмесмин”.

Мыйзамга автор болгон дагы бир депутат Максатбек Сарбагышев да андан баш тартып жатканы айтылууда. Азырынча ал өзү комментарий бере элек.

Авторлуктан баш тартканын буга чейин депутаттар Бактыбек Чойбеков, Эмил Токтошев, Эмил Жамгырчиев жана Шайлообек Атазов ачык айтып чыгышкан. Ал эми Таалайбек Сарыбашев жана Алишер Козуев арсар экени белгилүү болгон.

“Чет өлкөлүк өкүл” тууралуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитетинин кезектеги отурумунун күн тартибинен алынып калганын парламенттик демократия жаатында алектенип келаткан юрист Таттыбүбү Эргешбаева 25-июнда билдирди. Анын айтымында, маселе комитеттин 27-июндагы отурумунун күн тартибине алтынчы болуп кирген, бирок кийин кайра алынып калган.

“Азаттык” мыйзам долбоорунун автору Надира Нарматова менен 26-июнда байланышканда ал төмөнкүчө жооп берди:

“Мен билбедим. Күн тартибинде эле турат”.

Жогорку Кеңештин расмий сайтындагы 26-июнь, саат 12:00гө карата маалымат боюнча, аталган комитеттин күн тартибинде бул маселе көрүнбөйт.

Бейөкмөт уюмдарга көзөмөлдү күчөтөт деп сынга кабылган "чет өлкөлүк өкүл" тууралуу мыйзам долбоорун ЖК депутаты Надира Нарматова жазып, былтыр ноябрда коомдук талкууга чыгарган. Башында өзү жалгыз автор болуп көрсөтүлгөн документке дагы 32 депутат демилгечи болуп кошулган. Бирок кийин алардын айрымдары авторлуктан кайра баш тартып, анда ашыкча чектөөлөр, адам укуктарына каршы келген жоболор бар экенин айтып чыгышты. “Адилет” укуктук клиникасы бул “чет өлкөлүк өкүл” мыйзамын талдап чыгып, анын 98% Орусиянын “чет элдик агенттер” тууралуу мыйзамынан көчүрүлүп алынганын аныктаган.

Укук тартиби, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитет "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" мыйзамга жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун 27-июнда 1-окууда карай турганы маалымдалган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG