Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:38

Пригожинге козголгон кылмыш иши токтотула электиги кабарланды


Евгений Пригожин.
Евгений Пригожин.

Орусиядагы "Вагнер" жеке аскердик компаниясынын жетекчиси Евгений Пригожинге каршы кылмыш иши токтотулган жок, ФСБ тергөөнү улантып жатат. Бул тууралуу 26-июнда “Коммерсантъ” басылмасы жазды.

Пригожинге каршы кылмыш иши жабыла электигин РИА Новости жана ТАСС агенттиктери да Башкы прокуратурадагы булактарына таянып кабарлашты.

Жекшембиде Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Пригожинге каршы кылмыш иши токтотуларын, ал Беларуска кетерин билдирген.

Орусияда Куралдуу козголоң уюштуруу беренеси менен соттолгондор 12 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Пригожин кайда экени азырынча маалым эмес.

  • Орусияда “Вагнер” жеке менчик аскердик компаниясынын башчысы Евгений Пригожиндин “куралдуу козголоңу” эки күнгө жетпей аяктады. Орус президенти Владимир Путин ага Беларуска чыгып кетүүгө уруксат бергени белгилүү болду. Азырынча Пригожин кайда экени так белгисиз. Анын Ростов-на-Дону шаарынан башталып, Москвага 200 чакырым жетпей барып токтоду деп айтылган жүрүшү соңку 20 жылдан ашык убакыттан бери Путиндин бийлигине урулган эң чоң сокку болуп калды.
  • "Вагнер" компаниясынын жоочулары Орусиянын Украинадагы согушуна жигердүү катышып, миңдегени набыт болду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG