Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:53

Кемпир-Абад иши: соттук угуу уланып жатат


Кемпир-Абад ишине айыпталып, камалган саясатчы, активист жана коомдук ишмерлер. Булардын ичинен Атай Бейшенбек (алдыңкы катарда, ортодо) 23-июндагы сот чечими менен үй камагына чыккан.
Кемпир-Абад ишине айыпталып, камалган саясатчы, активист жана коомдук ишмерлер. Булардын ичинен Атай Бейшенбек (алдыңкы катарда, ортодо) 23-июндагы сот чечими менен үй камагына чыккан.

Бүгүн, 26-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Кемпир-Абад иши боюнча алдын ала угуулар уланды. Сотко абакта кармалып тургандар жеткирилип, үй камагындагылар жана айыпталуучулардын адвокаттары келгенден кийин жараян башталды.

Абакта кармалып тургандардын адвокаттары алардын бөгөт чарасын өзгөртүү өтүнүчү менен сотко кайрылууну көздөп жатышканын адвокат Кантемир Турдалиев "Азаттыкка" билдирди.

23-июндагы сотто абакта кармалып турган жарандык активисттер Рита Карасартова менен Атай Бейшенбек үй камагына чыгарылган.

Кемпир-Абад ишин судья Марат Сыдыков жабык карап жатат.

Азыр айыпталган 27 адамдын 14ү абакта кармалып турат. Калганы үй камагында. Иш боюнча алдын ала угуулар 22-июнда башталган.

Адвокаттар абакта кармалып отургандарды үй камагына чыгарууну, иштен "жашыруун" деген грифти алып салып, сотту ачык өткөрүүнү суранышууда.

Кемпир-Абад иши сегиз айлык тергөөдөн кийин сотко өткөн. Ички иштер министрлигинин Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” деген гриф койгон.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин ачык билдирген 30га жакын белгилүү саясатчы, активисттер былтыр октябрда кармалып, камалган.

Милиция аларды бийликти басып алууга аракет кылган деп айыптап жатат. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде козголгон. Абактагылар мунун баарын саясий куугунтук катары баалап келет.

Былтыр 17-ноябрда Жогорку Кеңеш кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелерин делимитациялоо жана Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө келишимди ратификация кылган.

Ага ылайык, суу сактагыч турган 4485 гектар жер келишимдин негизинде Өзбекстанга өткөн.

Кыргыз бийлиги коңшу өлкөдөн 19 миң гектардан ашуун жер алганын айткан.(ZEg/ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG