Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:24

Ош-Эркечтам жолундагы кырсык алты кишинин өмүрүн алды


Кыргызстандагы жолдордун бириндеги белги.
Кыргызстандагы жолдордун бириндеги белги.

Каза болгондордун төртөө бир үй-бүлө мүчөлөрү, калган экөө да бир үй-бүлөдөн.

Баары Алай районунун тургундары экени белгилүү болду.

Окуя 24-июнь күнү магистралдын 93-чакырымында орун алган. Ош облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы “Азаттыка” билдиргендей, Ош тарапты көздөй бара жаткан жеңил машине менен Эркечтамга бараткан оор жүк ташуучу автоунаа кагылышкан.

Маркумдардын сөөгү 25-июнда жерге берилди.

Ушул айдын башында Бишкек–Ош автожолунун Суусамырдын тушундагы тилкесинде жол кырсыгынан 14 адам жабыркап, алты киши көз жумган.

Майдын аягында Токмоктогу жол кырсыгы сегиз адамдын өмүрүн алган, анын бешөө бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү эле. (DSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG