Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:26

Орусияда Пригожинге козголгон кылмыш иши жабылды


"Вагнер" менчик аскердик компаниясынын башчысы Евгений Пригожин Ростов-на-Дону шаарындагы Түштүк аскердик аймактык штабынан чыгып баратат. 24-июнь, 2023-жыл. REUTERS/Александр Ермоченко
"Вагнер" менчик аскердик компаниясынын башчысы Евгений Пригожин Ростов-на-Дону шаарындагы Түштүк аскердик аймактык штабынан чыгып баратат. 24-июнь, 2023-жыл. REUTERS/Александр Ермоченко

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы "Вагнер" менчик компаниясынын негиздөөчүсү Евгений Пригожинге жана анын жалданма аскерлерине каршы ачылган кылмыш иши жабылганын билдирди.

Маалыматка караганда, буга "куралдуу козголоңдун" катышуучуларынын 24-июнда кылмыштуу аракеттерин токтоткону түрткү болду.

Пригожинге каршы кылмыш иши ал Орусиянын Коргоо министрлигин "вагнерчилердин" лагерине урулган сокку үчүн айыптап, аскердик бийликке каршы "адилеттик маршын" баштаганын жарыялагандан кийин, 23-июндун кечинде ачылган.

26-июндун кечиндеги кайрылуусунда Орусиянын президенти Владимир Путин "вагнерчилерге" орус армиясы менен келишим түзүп, туугандарына кайтып келүүнү же Беларуска кетүүнү тандоону сунуштады.

Беларустун авторитардык лидери Александр Лукашенко менен сүйлөшкөндөн кийин "куралдуу көтөрүлүштү" токтотуп, артка кайткан Евгений Пригожин өзү дагы Беларуска кетери маалымдалган.

27-майда Евгений Пригожин колдонгон Embraer 600 учагы (бизнес-жет) Минскинин жанындагы аскердик авиабазага конду. Бул тууралуу Беларустагы авиацияга байкоо салган "Беларуски гаюн" тобу билдирди. Пригожиндин Беларуска барган-барбаганы азырынча белгисиз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG