Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:17

Путин кимге таянат?


Беларустун лидери Евгений Лукашенко, Орусиянын президенти Владимир Путин, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев
Беларустун лидери Евгений Лукашенко, Орусиянын президенти Владимир Путин, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев

Эл аралык маалымат каражаттары өткөн дем алыштарда Орусияда болгон окуяларды талдап чыгып, "эми эмне болот?" деген суроону кабыргасынан коюшту. Алардын көбү көтөрүлүш президент Владимир Путиндин чабалдыгын көргөзүп койду, коркунуч сакталууда деген ойго ыкташат.

"Стабилдүүлүк да, бекем мамлекеттүүлүк да жок"

The New York Times (NYT) гезити Путин жылдар бою өзүн стабилдүүлүктүн гаранты, орус мамлекетинин коргоочусу деп сүрөттөп келгенин баяндайт. Бирок өткөн ишембиде өлкөдө бейстабилдүүлүк өкүм сүрүп жатканда президент эртең менен кыска кайрылуу жасап, андан киийн калың элге көрүнгөн жок.

"Болгондо да 23 жылдан бери анын бийлигине эң чоң коркунуч жаралып жаткан чакта", - деп белгилейт басылма.

Кызыл аянтка кетчү жол жабык турат. Москва, 25-июнь, 2023-жыл
Кызыл аянтка кетчү жол жабык турат. Москва, 25-июнь, 2023-жыл

Автор Кремль менен байланышы бар журналист, эксперттерди сөзгө тарткан. Алардын бири – журналист Константин Ремчуковдун айтымында, бир кездери үч уктаса түшкө кирбеген сценарий ишке ашышы мүмкүн. Атап айтканда, Путиндин айланасындагы адамдар аны 2024-жылдын жазында президенттик шайлоого ат салышпоого көндүрүшү ажеп эмес. Журналист президент коопсуздуктун, олигархтардын байлыгынын кепилдиги деген макамдан кол жууп калды деп эсептейт.

Гезит “стабилдүүлүк” деген сөз Путиндин 2036-жылга чейин бийликте калуусуна жол ачкан 2020-жылкы референдумдан бери кайталанып келгенин, Украинага басып кирүүгө да дал ушул туруктуулукту сактоону жүйө келтиришкенин эске салат.

Стабилдүүлүктүн гаранты деген макамадан тышкары орус президенти чечкиндүү лидер деген аброюна да көлөкө түшүрүп алганы айтылат.

Анткени козголоң баштаган Пригожин жана анын тарапташтары жазага тартылган жок.

Путин Пригожин менен Коргоо министрлигинин ачык тирешинин өөрчүшүнө жол бергени, айлар бою аны көз жаздымда калтырганы да кризиске алып келген жагдайлардын бири катары аталат.

Кремлге жакын, атын атабоону сураган эки талдоочу америкалык басылма менен маектешкенде соңку окуяларга башкаруу системасындагы башаламандык өбөлгө түздү деген ою менен бөлүштү.

Саясий талдоочу, Кремлдин мурдагы кеңешчиси Сергей Марковдун көз карашында, Путиндин жеке өзү үчүн бул козголоң “экзистенциалдык кризиске” алып келди.

“Ал ар дайым орус мамлекеттүүлүгүнүн бекемдиги жана саясий стабилдүүлүк менен сыймыктанып келген. Аны ошол үчүн жакшы көрүшчү. Эми стабилдүүлүк да, бекем мамлекеттүүлүк да жок болуп чыкты”, - деп айтат Марков.

Ошол эле маалда санкциялар өлкө экономикасынын чөгүшүнө алып келбегенин, пропаганда машинасы менен репрессиялар согушка нааразы болгон добуштарды басканын эске алганда, айрым эксперттер системанын кыйрашы жөнүндө кеп кылуу эрте дешет.

"Путиндин күчтүү лидер деген чүмбөтү сыйрылды"

Politico Пригожиндин козголоңун ГКЧП деген атка конгон 1991-жылкы август окуялары менен салыштырат. Бул басылма да Путиндин күчтүү лидер деген беткабы сыйрылып, ал иш жүзүндө көрүнгөндөн алда канча чабал болуп чыкканын жазды.

Макаланын автору тарыхый параллелдерди жакшы көргөн орус президенти ишембиде козголоңду 1917-жылы тутанган жарандык согуш менен салыштырганын, бирок аны ГКЧП менен салыштырса орундуу болмок деген оюн жазат. Советтик жетекчи Михаил Горбачевго каршы кутум үч күндөн кийин токтотулганы менен анын эпкини декабрда СССРдин ыдырашына алып келген.

Басылма Пригожиндин украин согушундагы ролуна, “вагнерчилердин” мыкаачылыгына токтолуп, алардын мындан аркы тагдыры кандай болот деген суроонун айланасында ой жүгүртөт. Маалыматтарга караганда, 25 миңдей жалданма согушкер майданга кайтат же Орусиянын Коргоо министрлиги менен келишимдерге кол коет.

Politico Пригожинди ээрчип Москваны көздөй жылган согушкерлерге армияда ким ишенмек эле, "вагнерчилер" менен же аларсызбы, Орусия баарыбир жеңбейт деген эксперттердин пикирлерине орун берген.

Басылма акыркы окуялардын дагы бир нече өңүтүнө кайрылды. Атап айтканда, украин аскерлери үчүн козголоң моралдык дем бергени, Пригожинди катардагы орусиялыктар даңазалап, кубаттап тосуп алганы баяндалат.

Украиналык депутат Сергей Рудиктин айтымында, ишемби күнү Орусияда болгон окуяларга чекит коюлду деп айтууга болбойт.

“Путин өлкөсүн көзөмөлдөн чыгарганына, аны жеңип болбойт деген ой жаңылыш экенине күбө болдук. Күч-кубат жетиштүү болсо, аны менен да күрөшүүгө аракеттенсе болорун көргөздү”, - деп айтат Рудик.

Лукашенко менен Токаевдин эки башка тандоосу

Le Monde гезити "Орусия демократиялык нукка түшкөндө тарыхчылар дүйнөнү таң калтырган 24 саат тууралуу архивдик материалдарды окуп чыгып, Пригожиндин чалкеш аракетинин жандырмагын табышаар, бирок ал күнгө дагы көп бар", - деп жазат.

Ошентсе да, басылма ал окуялардын алдын ала сабактарын тизмектеп чыкты.

Лукашенко жана Пригожин. Коллаж
Лукашенко жана Пригожин. Коллаж

Автордун пикиринде, Пригожин саясий колдоо топтой алган жок.

"Ал эч ким күтпөгөн жапырык жасайм деп өзүнүн капканына түшүп калды. Пригожиндин аскердик артыкчылыгын Путиндин айланасындагы бир да киши саясий артыкчылыкка айландырууга жөндөмсүз болуп чыкты. Демек бул биринчи кезекте саясий утулуш болду", - деп эсептейт гезит.

Макалада Пригожиндин согушкерлерине туруштук болбогону, ал башкалаа жакка ээн-эркин жылганы сүрөттөлөт.

Le Monde дагы Путинди эли, кол астындагылары, өнөктөштөрү менен душмандары алдында кемсинтишкенин, мындан ашкан акааратты элестетүү кыйын экенин, анын тагдыры 24 саат бою арсар болуп турганын белгилейт.

Автор орус президенти Саддам Хусейндин, Муаммар Каддафинин же эң жумшак дегенде Виктор Януковичтин кейпин кийип калуудан абдан коркот деп улантат. Тескерисинче, беларус лидери Александр Лукашенко бир заматта кубаттуу саясатчы болуп чыга келди. Ал эми Путин жардам сурап кайрылган дагы бир жетекчи - Казакстан мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев андан оолак болууну тандагандай.

“Евразия экономикалык биримдигинин өзөгүн түзгөн өлкөлөр ортосунда саясий маселеге келгенде ачык бөлүнүп-жарылуу байкалды, мындай көрүнүш Орусия Украинага басып кирген 2022-жылдын 24-февралында башталган”, - деп жазат франциялык гезит.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG