Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:54

"Кремлдин алсыз экени көрүндү". Пригожиндин 24 сааттык козголоңу


Орусияда “Вагнер” жеке менчик аскердик компаниясынын башчысы Евгений Пригожиндин “куралдуу козголоңу” эки күнгө жетпей аяктады. Орус президенти Владимир Путин ага Беларуска чыгып кетүүгө уруксат бергени белгилүү болду. Азырынча Пригожин кайда экени так белгисиз. Анын Ростов-на-Дону шаарынан башталып, Москвага 200 чакырым жетпей барып токтоду деп айтылган жүрүшү соңку 20 жылдан ашык убакыттан бери Путиндин бийлигине урулган эң чоң сокку болуп калды.

"Вагнердин козголоңу", Лукашенко аралашкан сүйлөшүү

Жекшембиге караган түнү “Вагнердин” жалданма күчтөрү Орусиянын Ростов-на-Дону шаарынан чыгып кетип жатканы тартылган видеолор интернетке жарыяланды. Андан жергиликтүү тургундардын аскердик техникаларды кол чаап узатып жатышканын, айрымдары “вагнерчилерге" колдоо көрсөтүп жаткан түр көрсөткөнүн байкоого болот.

Орусиянын мамлекеттик медиасы 25-июнда кабарлагандай, Ростов-на-Донудагы Орусиянын Түштүк аскердик округунун башкы штабында учурда кырдаал тынч жана көчөлөрдөгү кыймыл калыбына келди. Көпчүлүк аймактарда “вагнерчилердин” козголоңун токтотуу үчүн жолдорго коюлган чектөөлөр алынды.

Бирок Федералдык жол агенттиги Телеграм аркылуу билдиргендей, Тула жана Москва аймактарындагы кан жолдордо чектөөлөр уланууда.

Орус бийлиги “Вагнер” жеке менчик аскердик компаниясынын башчысы Евгений Пригожин менен козголоңду токтотуу боюнча макулдашууга жетишкенин 24-июндун кечинде ырастады. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун айтымында, Беларусту узак жылдан бери башкарып келе жаткан авторитардык жетекчи Александр Лукашенконун арачылыгынын натыйжасында “вагнерчилер” өз лагерлерине кайта турган болду жана орус президенти Владимир Путин аларга каршы кылмыш иштерин токтотуу тууралуу чечим кабыл алды.

“Эгер Пригожиндин жеке өзү эмне болот деп сурасаңыз, анда ага каршы кылмыш иши токтотулду жана ал Беларуска кетет”, - деди Песков.

Ошондой эле Песков армияга каршы козголоңго катышпаган “вагнерчилер” Орусиянын Коргоо министрлигинин карамагына өтөрүн, Пригожиндин коопсуздугуна кепилдик берилгенин кошумчалады.

Азырынча Пригожин кайда экени так белгисиз. Ал Беларус кеткенин же бул өлкөгө жеткенин ырастай элек.

24 сааттык козголоң

Жумадан ишембиге караган түнү кезинде орус президенти Владимир Путиндин “ашпозчусу” жана эң жакын адамдарынын бири деп сыпатталып келген Евгений Пригожин Орусиянын аскердик жетекчилерине каршы чыгып, “акыйкаттык маршын” баштаганын жарыялаган. Пригожин Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу баштаган аскердик жетекчилерди “Вагнердин” позицияларына сокку урду деп күнөөлөп, армия башчыларын жемкорлукка айыптаган.

Ростов-на-Донудагы "вагнерчилер". 24-июнь, 2023-жыл.
Ростов-на-Донудагы "вагнерчилер". 24-июнь, 2023-жыл.

Ал Ростов-на-Донудагы аскердик базаны көзөмөлгө алгандан кийин 25 миңдей “вагнерчи” Москваны көздөй жол тартышканын билдирген. Путин ишембидеги чукул телекайрылуусунда “вагнерчилердин” аракетин “куралдуу козголоң” жана “чыккынчылык” деп атап, аны 1917-жылдагы көтөрүлүшкө салыштырган. Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы Пригожинге “аскердик төңкөрүшкө чакырык” фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон.

Бирок ишембинин кечинде Пригожин өз күчтөрүн орто жолдо артка кайтарууну чечкенин жарыялады. Ал “вагнерчилер” Москвага 200 чакырым жетпей токтогонун Телеграмдагы аудио билдирүүсүндө белгиледи.

“Азыр кан төгүлө турган учурга келип калдык. Ошондуктан биз орустун каны төгүлөрүн жоопкерчилик менен түшүнүп, колоннаны артка кайтармай болдук. План боюнча кайра артка, талаа лагерлерине кетебиз ”, - деди ал.

“Вагнердин” жүрүшү эки күнгө жетпей токтогону менен бул окуя Украинада согуштук аракеттерин улантып жаткан Орусиядагы бир топ маселелерди ачыкка чыгарып койду. Бул 20 жылдан ашык убакыттан бери Орусияны башкарып келе жаткан Путиндин бийлигине коркунуч жараткан эң чоң окуя болуп калды жана Орусиядагы ыктымал жарандык согуш тууралуу жоромолдорго жол ачып койду.

Алсыз бийлик ашкерелендиби?

Эксперттер Путиндин “вагнерчилер” менен эсептешүүгө аргасыз болгонуна, Пригожиндин азырынча жазадан кутулуп кеткенине көңүл бурушуп, Орусиянын атайын кызматтарынын козголоңду алдын ала билбегенин, орус армиясы “вагнерчилерди” күч менен басып кое албаганын баса белгилеп жатышат.

Ростов-на-Дону шаарынын тургуну аскердик автоунаада бараткан "Вагнердин" жетекчиси Евгений Пригожин менен сүрөткө түшүп жаткан учур. 24-июнь, 2023-жыл.
Ростов-на-Дону шаарынын тургуну аскердик автоунаада бараткан "Вагнердин" жетекчиси Евгений Пригожин менен сүрөткө түшүп жаткан учур. 24-июнь, 2023-жыл.

Баш кеңсеси Вашингтондо жайгашкан Согушту изилдөө институту Лукашенко арачылык кылган макулдашуу кыска мөөнөттүк гана чечим экенин, Пригожиндин козголоңу Кремлдин жана Орусиянын Коргоо министрлигинин алсыз экенин ачыктаганын билдирди.

“Путиндин улуттук телеканал аркылуу куралдуу козголоңду токтотууга чакырган, 1917-жылдагы көтөрүлүштүн кайталанышы тууралуу эскертүү жасаган жана кырдаалды жөнгө салуу үчүн чет өлкөлүк лидерге муктаж болгон имижинин кесепети узакка созулат. Бул козголоң Орусиянын коопсуздук кызматтары алсыз экенин ашкереледи жана Путин өзүнүн күчтөрүн ички коркунучтардын мизин кайтаруу үчүн убагында колдоно албай турганын көрсөттү”, - деп айтылат Согушту изилдөө институтунун анализинде.

Орус президенти Путин, коргоо министри Сергей Шойгу жана орус куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын командачысы Валерий Герасимов (солдо).
Орус президенти Путин, коргоо министри Сергей Шойгу жана орус куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын командачысы Валерий Герасимов (солдо).

Путин улуттук телеканал аркылуу кайрылуу жасагандан көп өтпөй Беларус, Казакстан, Өзбекстан жана Түркиянын лидерлери менен телефон аркылуу сүйлөшкөн.

Европадагы саясий талдоолор боюнча борбордун Орусия боюнча эксперти Сэм Грин орус президенти Путин Пригожинди чечкиндүү түрдө ордуна кое албаганын белгилеп, козголоңду жөнгө салуу үчүн Лукашенкого муктаж болгону орус бийлиги үчүн уяла турган иш экенин Твиттерге жазды.

“Эми элита ал [Путин] ишти жөндөй алабы деп ойлонуп калат жана балким чукулунан альтернатива издей башташы мүмкүн”, - деп билдирди Грин.

“Вагнерчилер” Москвага жол тартып бара жаткан маалда Орусиянын мурдагы президенти Дмитрий Медведев, орус православ чиркөөсүнүн башчысы патриарх Кирилл жана Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин баштаган расмий жетекчилер жана таасирдүү фигуралар Путинге колдоосун билдирип жатышты. Аларга Чеченстандын лидери Рамзан Кадыров да кошулуп, керек болсо өз күчтөрүн Ростов аймагына жөнөткөнү белгилүү болгон.

Орусиялык саясат таануучу, эксперт Аркадий Дубнов бүтүндөй дүйнөнүн көңүлүн бурган Орусиядагы соңку окуяларды орус элитасынын ички тиреши деп мүнөздөдү.

“Ич ара топтордун кармаштарын көптөн бери байкап келе жатабыз. Маселен бир жакта Кадыров жана Пригожин, экинчи тарапта аскердик кызматкерлер, үчүнчү тарапта экономикалык жана системалык либералдарга жакын адамдар турат. Бирок чыңалуу көбөйүп отуруп, жарылуу болду. Бул жарылуунун Орусиянын позициясы же анын Украинадагы атайын аскердик операциясына байланышы жок. Пригожин Путиндин Украинадагы саясатынан күмөн санабайт. Бүгүн Орусияда болуп жаткан окуялардын себеби ал эмес”, - деди Дубнов.

Пригожиндин козголоңу украин армиясы Украинанын аймактарын ээлеп турган орус күчтөрүнө каршы контрчабуулдарын улантып жаткан учурда болду. Украинанын расмий жетекчилери Орусиядагы бул окуялардын фонунда украин күчтөрүнүн контрчабуулдары улана берерин билдирип жатышты.

“Бүгүн дүйнө Орусиянын кожоюндары эч нерсени көзөмөлдөбөй турганын көрсөттү. Эч нерсени. Болгону толук башаламандык”, - деп билдирди украин президенти Владимир Зеленский ишембинин кечиндеги билдирүүсүндө.

Ростов-на-Дону: "Вагнерчилер" шаардан чыгып кетти
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:46 0:00

Пригожин & Шойгу: ким утту?

Учурда Пригожиндин кыска убакытка созулган козголоңунун башкы максаты тууралуу түрдүү пикирлер айтылып жатат.

“Вагнерчилердин” козголоңун кандайдыр бир оюндун же пландын бир бөлүгү катары сыпаттагандар да жок эмес. Британиянын Башкы штабынын мурдагы жетекчиси, отставкадагы генерал Ричард Даннатт Sky News телеканалы менен маегинде Пригожин Беларустан Украинанын баш калаасына кол салышы мүмкүндүгүн айтып, украин күчтөрү буга даяр турушу керек экенин эскертти.

“Анын Беларуска кеткени бушаймандык жаратат. Эгер ал өзүнүн айланасында натыйжалуу согуша алчу күчтөрү сактап кала турган болсо, анда ал Украинанын Киевге жакын бөлүгүнө кайрадан коркунуч жаратышы ыктымал”, - деди Даннатт.

Бирок ал ишембидеги окуядан кийин кимдир бирөө утушка ээ болду деп айтуу эрте экенин, Путиндин беделине доо кеткенин, орус армиясы кайсы бир деңгээлде чаржайыт абалга туш болгонун кошумчалады.

Пригожин Телеграмдагы соңку аудио билдирүүсүндө Кремл “Вагнер” жеке менчик аскердик компаниясын жоюуга аракет кылганын айтып, козголоңго ушул жагдай себеп болушу мүмкүндүгүн ишарат кылды.

Чынында бул окуя Пригожин менен Орусиянын аскердик жетекчилеринин ортосунда Украинадагы согуштун стратегиясы жана курал-жарак менен камсыздоо маселеси боюнча ачык араздашуу жүрүп жаткан учурга туш келди.

Жазында “Вагнердин” башчысы Пригожин Орусиянын Коргоо министри Сергей Шойгуну жана орус куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын командачысы Валерий Герасимовду Бахмуттагы “вагнерчилерге” атайылап курал-жарак бербей жатат деп айыптаган.

Бул тиреште Путин Шойгунун тарабында экенин туюнткан белгилер да байкалып жатты. Маселен Путиндин орус коргоо министри менен чогуу түшкөн сүрөттөрү утур-утур жарыяланып турду.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков 24-июндагы козголоңдон кийин Путиндин Шойгуга көрсөткөн колдоосу өзгөрбөй турганын айтты.

Сербиялык саясат таануучу, Орусия боюнча эксперт Александр Жокич Твиттерге жазгандай, Пригожин Путиндин колдоосунан ажырап жатканын, жоопко тартылышы мүмкүндүгүн түшүнгөн жана өзүнүн атаандаштарын бутага алууну туура көргөн болушу мүмкүн.

“Ал Путинге каршы төңкөрүш уюштурууну көздөгөн же жарандык согуш уюштургусу келген деп ойлобойм. Бирок ал Путинге өзү маанилүү экени тууралуу болушунча күчтүү белгини жеткирүүгө жана аренадан сүрүлүп чыгарыла турган болсо, чоң зыян келтире аларын көрсөтүүгө аракет кылууда”, - деп жазды Жокич.

Америкалык Washington Post жана New York Times басылмалары АКШнын чалгын кызматтары Пригожин Орусиянын аскердик жетекчилерине каршы козголоңго даярданып жатканы тууралуу белгилерди бир нече күн мурда эле байкаганын жазып чыгышты. Маалыматка ылайык, Ак үйгө, Пентагон жана конгрессмендерге Орусиядагы ыктымал козголоң тууралуу бир күн мурда эле кабар берилген.

Пригожиндин жана ал каршы чыккан Сергей Шойгу баштаган аскердик жетекчилердин тагдыры эмне болору белгисиз. Азырынча Кремлден армия жетекчилерине байланыштуу кандайдыр бир чечимдер жарыялана элек.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG