Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:30

Сурамжылоо: орусиялыктардын 35% Украинадагы согушка каршы


Кремлдин жанынан тартылган сүрөт. Москва. Архив.
Кремлдин жанынан тартылган сүрөт. Москва. Архив.

Russian Field компаниясы жүргүзгөн сурамжылоого катышкан орусиялыктардын 35% Украинага кол салган туура эмес деп эсептейт жана Путиндин чечимин колдошпойт.

The Moscow Times басылмасы жазгандай, бул орусиялыктардын Украинадагы согушка каршы экенин көрсөткөн рекорддук көрүнүш. Согуштун алгачкы айларында сурамжылоого катышкандардын 26-28%, былтыр декабрда 33% кошуна өлкөгө бастырып кирүүнү жактабай турганын билдиришкен.

Ошол эле учурда сурамжылоо Украинага кол салуу чечимин “жокко чыгарууну каалабагандар” 49% түзөт.

Сурамжылоого ылайык, согушка каршы маанай 18 жаштан 24 жашка чейинкилердин арасында басымдуулук кылат. Согушту колдогондордун көбү 45 жаштан ашкандар.

2022-жылдын 24-февралында Орусия Украинага басып кирген. Москва "нацисттик режимге" каршы "атайын операция" деп атаган согушта БУУнун эсебинде украиналык тогуз миңдей жайкын тургун набыт болду. Андан тышкары, эки тараптан миңдеген аскер каза тапты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG