Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:30

Түрк полициясы Стамбулда дайынсыз болуп жаткан кыргызстандык кызды издөөдө


Стамбул шаары, Түркия. Иллюстрациялык сүрөт.
Стамбул шаары, Түркия. Иллюстрациялык сүрөт.

Түркиянын Стамбул шаарында кыргызстандык 20 жаштагы Жазгүл аттуу кыздын дайынсыз жок болуп жатканы тууралуу арыз Кыргызстандын аталган шаарындагы Башкы консулдугуна түшкөн.

Кызы бир нече күндөн бери байланышка чыкпай жатканына тынчсызданган апасы кайрылган.

Башкы консулдук түрк полициясына маалымдап, учурда издөө иштери жүрүп жатат. Кыздын апасы Стамбулга учуп кеткенин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы "Азаттыкка" билдирди.

Кыздын качан, кандай шартта жоголгону тууралуу маалыматтар жок.

Социалдык тармактарда тараган маалыматтарда ал акыркы жолу таанышынын Инстаграм баракчасынан апасына "телефону жоктугун, кыйналып атканын" билдирип, ошол бойдон байланышка чыккан эмес.

Расмий маалыматтарга ылайык, 2020-жылы Түркияда адам сатуунун жалпы 282 курмандыгы расмий аныкталган. Алардын арасында кыргызстандыктар да болгон.(ZKo)

XS
SM
MD
LG