Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:19

Херсонго коюлган чабуулда 71 жаштагы аял мерт болду


Белозёрка кыштагына буга чейин да чабуул болгон. Сүрөт мурдагы соккулардан кийин тартылган.
Белозёрка кыштагына буга чейин да чабуул болгон. Сүрөт мурдагы соккулардан кийин тартылган.

29-июнда эртең менен орус аскерлери Украинанын Херсон облусун аткылаганда 71 жаштагы аял каза болуп, экөө жараат алды. Облустук аскердик админстрациянын басма сөз кызматы билдиргендей, Белозёрка кыштагы чабуулга кабылып, бери дегенде 12 үй зыянга учурады.

Облус башчысы Александр Прокудин өткөн суткада аймак 64 жолу соккуга туш болгонун айтты.

Түндө Чугуев калаасына ракетадан чабуул жасады. Харьков облусунун аскердик администрациясынын башчысы Олег Синегубов турак жайлар жана автоунаалар зыян тартканын, киши өмүрү кыйылбаганын Телеграмга жазды.

Донецк облусундагы Краматорск калаасында 27-июндагы ракета соккусунан кийинки издөө-куткаруу иштери бейшембиде аяктады. Бийлик бул калаада орус армиясынын чабуулунан 12 киши каза тапканын, үчөө бала экенин маалымдады.

Кремлдин расмий өкүлү Дмитрий Песков бул жолку кол салууга Орусия бир гана "аскердик түзүмдөргө тиешеси бар объектилерге" сокку урат деп комментарий берди.

Ынанымдуу далилдерге карабай, Москва Украинадагы карапайым калкты атканын моюнуна албай келет.

XS
SM
MD
LG