Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:01

Орус күчтөрүнүн аткылоосунан Херсондо эки киши жараат алды


Херсондон тартылган сүрөт.
Херсондон тартылган сүрөт.

30-июнда эртең менен орус аскерлери Украинанын Херсон шаарын аткылаганын облустук аскер администрациясынын башчысы Александр Прокудин билдирди.

Ал 72 жаштагы аял көкүрөгүнөн жана бутунан жараат алып, ооруканага жеткирилгенин айтты.

Орусиянын күчтөрү Херсондогу Михайловка айылын да аткылаганда 70 жаштагы жаран жараат алганын облус башчысы кошумчалады.

Херсон облусунун Украина өкмөтү көзөмөлдөгөн бөлүгүндө аткылоолордун кесепетинен карапайым тургундар каза болгон учурлар такай катталууда.

Кремль Орусия бир гана "аскердик түзүмдөргө тиешеси бар объектилерге" сокку урарын айтып келет. Ынанымдуу далилдерге карабай, Москва Украинадагы карапайым калкты атканын моюнуна албайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG