Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:23

Президент Жапаров “Асман” долбооруна катышууга инвесторлорду чакырды


Ысык-Көл. "Асман" шаарынын курулушуна капсула салуу аземи. 30-июнь, 2023-жыл.
Ысык-Көл. "Асман" шаарынын курулушуна капсула салуу аземи. 30-июнь, 2023-жыл.

Президент Садыр Жапаров 30-июнда “Асман” шаарынын курулушуна капсула салган иш-чарада сүйлөп жатып, долбоорго акча салган инвесторлорду мамлекет өзгөчө коргоого аларын жана долбоорду ишке ашырууда аларга эч ким тоскоол болбой турганын билдирди.

Ал шаар курууга каралган жерден инвесторлорго чоң-чоң жер тилкелери бөлүнөрүн, аларга мамлекет тарабынан 100% кепилдик бериле турганын айтты:

“Асман” акылдуу шаарын курууга катышам деген башка дагы инвесторлор болсо, азыр дагы кучак жайып тосуп алууга даярбыз. Келгиле, биздин уникалдуу долбоорубузга катышкыла, кыялыбызды ишке ашырып, акылдуу шаар куралы. Акылдуу шаарыбыз эл жашаган конуш-жай же жумуш орундары эле эмес, инновациянын, экологиялык туруктуулуктун жана социалдык өнүгүүнүн символу болсун. Башкаларга мындай жаратман иштер боюнча үлгү бололу. Мамлекеттин берген кепилдиги менен эч тынчсызданбай, бир гана ушул долбоорду ийгиликтүү ишке ашырууга максат коюп, курулуш иштерин ыкчам баштай берсеңиздер болот. Учурдагы бийлик сиздердин ишиңиздерге эч кимди кийлигиштирбейбиз жана мамлекеттин кепилдигин толук камсыздайбыз”, – деди ал.

Ысык-Көл жээгинде “Асман” шаарын куруу идеясы алгач 2021-жылы айтылган. Ошол эле жылы Министрлер кабинетинин токтому менен “Асман” экологиялык таза шаарын куруу боюнча мамлекеттик дирекция” түзүлгөн. Алдын ала эсептөөлөр боюнча “Асман” 500 миң кишиге ылайыкталат.

Экономика министрлигинин маалыматына караганда, шаардын курулушунун баасы 20 млрд доллар деп эсептелген. Аны курууга түштүк кореялык компания 1 миллиард доллар инвестиция салууга ынтызарлыгын билдиргени расмий айтылган

Бир катар экологдор жана урбанисттер суу агып чыкпаган уникалдуу көлдүн жээгине мындай калаа куруу өтө дыкат эсептөөлөрдү талап кыларын, антпесе Ысык-Көлдүн суусу булганып, сазга айланып кетет деп эскертишкен.

Бийлик шаарда экологиялык бардык эрежелер сакталат деп билдирген.

Жаңы шаар Чырпыкты жана Тору-Айгыр айылдарынын ортосунда, көл жээгине курула турган болууда. (KbA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG