Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:14

Бернс: "Вагнердин"козголоңу Путин Орусияга зыян тийгизгенин далилдеди


АКШнын Борбордук чалгын кызматынын башчысы Уильям Бернс. 14-ноябрь, 2022-жыл. Архивдеги сүрөт.
АКШнын Борбордук чалгын кызматынын башчысы Уильям Бернс. 14-ноябрь, 2022-жыл. Архивдеги сүрөт.

23-24-июндагы "Вагнердин" козголоңу орус президенти Владимир Путин Украинага басып кирүү тууралуу чечими менен өлкөгө зыян келтиргенин далилдеди.

Мындай пикирин АКШнын Борбордук Чалгын башкармалыгынын (ЦРУ) башчысы Уильям Бернс Улуу Британиядагы Дитчли фондунда сүйлөп жатып билдиргенин Рейтер агенттиги жазды.

Бернс анда "Вагнер" менчик аскердик компаниясынын башчысы Евгений Пригожиндин козголоң баштардан мурда орус бийлигин кескин сынга алган сөздөрүнө көңүл бурду.

23-июнда эртең менен Пригожин Кремлдин Украинага согуш баштоо идеясын сынга алган. Ал согуш аны баштагандарга пиар үчүн керек болгонун айткан.

Бернстин айтымында, бул Путин баштаган согуш өз режимин жана коомун талкалоочу натыйжа берерин ачык айгинелеп турат.

Ошол эле маалда Борбордук чалгын кызматынын башчысы бул окуя Орусиянын ички иши экенин, ага АКШнын тиешеси жок экенин белгиледи.

24-июнга караган түнү "вагнерчилер" Украинадагы базаларынан чыгып, Ростов-на-Дону шаарын эч кандай каршылыксыз басып алган.

Москвага 200 чакырым калганда Пригожин "кан төгүүнүн алдын алуу үчүн" артка кайтышарын күтүүсүздөн жарыялаган. Андан соң ал Беларуска барганы маалымдалган.

Орусиянын президенти Владимир Путин 27-июндагы билдирүүсүндө "Вагнер" менчик аскердик компаниясы толугу менен мамлекеттен каржыланып келгенин моюнга алды.

XS
SM
MD
LG