Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:36

Ошто сот жана укук коргоо органдарынын ишине нааразы болгондор акцияга чыкты


Ош шаарындагы акция. 3-июль, 2023-жыл.
Ош шаарындагы акция. 3-июль, 2023-жыл.

3-июлда Ош шаарында 50 чакты адам сот системасына, прокуратурага жана милициянын ишмердигине нааразылыгын билдирип, акцияга чыгышты. Акциянын катышуучуларынын арасында Кадамжайдагы 14 жашар кыздын өлүмү боюнча айыпталып соттолгондордун жакындары да бар. Алар бул ишке айыпталган эки жарандын тергөө абагында каза болушуна, калган эки кишиге берилген жаза мөөнөтүнө да нааразылыгын айтышты. Алар кыздын өлүмү боюнча ишти кароого катышкан соттордун, тергөөчүлөрдүн, прокурорлордун сүрөттөрүн кармап турушту.

Окуя былтыр 4-сентябрда Ноогардан айылында болгон. 14 жаштагы кыздын сөөгү Ош – Раззаков автожолунун боюндагы тоннелден табылган. Кылмышка шектүү катары 24, 25, 27 жаштагы кадамжайлык үч тургун жана бир өспүрүм бала кармалган. Өспүрүм Жалал-Абаддагы, калган үчөө Оштогу абакка камакка алынган.

4-декабрга караган түнү Оштун тергөө абагында отургандардын экөөнүн сөөгү табылган. Жаза аткаруу кызматы алар өз жанын өзү кыйганын маалымдаган.

Кадамжай райондук соту быйыл 28-февралдагы чечимине ылайык, алардын бири өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган, экинчиси (кылмыш жасаган учурда 11-класстын окуучусу болчу) 7-февралда он жылга кесилди. Ишти Кадамжай райондук соту караган.

“Адам өлтүрүү” беренеси менен козголгон иштин тергелиши жеке көзөмөлүндө болорун мамлекет башчысы Садыр Жапаров билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG