Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:01

ЖМК мыйзамынын парламентте каралышы суроо жаратары айтылды


Архивдик сүрөт.
Архивдик сүрөт.

“Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорунун коомдук талкуудагы мөөнөтү аяктады, бирок эми ал Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилсе мыйзамдуулугу чоң суроо жаратат. Мындай пикирин бүгүн 3-июлда “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып долбоорду иштеп чыгуу үчүн президенттин буйругу менен түзүлгөн жумуш тобунун мүчөсү, Bulak.kg сайтынын редактору Семетей Аманбеков билдирди:

“Эки маселе бар. Президент Жапаровдун буйругу менен түзүлгөн жумуш тобу толук иштеген жок, бир тараптуу болуп калды. Биз, медиа тармагынын өкүлдөрү “чогуу иштедик” деген бир да кагазга кол койгон жокпуз. Ошондуктан мыйзам долбоорунун Жогорку Кеңешке барышы канчалык мыйзамдуу болот деген суроо жаралууда. Экинчи маселе – жумуш тобунун башчысы Мурат Укушев мыйзам долбоору иштелип чыккандан кийин аны Венеция комиссиясына жөнөтөрүн, жооп келгенден кийин Жогорку Кеңешке жиберерин айтып убада берген. Венеция комиссиясына жибербептир. Билишибизче, Омбудсмен жиберген экен, ошону күтүп жатабыз. Мыйзам долбоорунун ЖКга барышынын мыйзамдуу дегени чоң суроо жаратып жатат”.

"Азаттык" аталган мыйзам долбоору кайсы стадияга келип калганын билиш үчүн президенттин басма сөз кызматына бир нече жолу кайрылды, бирок жооп ала алган жок.

Кыргызстанда ЖМК мыйзамы 1992-жылы кабыл алынган. Андан бери ага өзгөртүү жана толуктоолор гана киргизилип келген. Таптакыр жаңы долбоору былтыр күзүндө иштелип чыккан.

Медиа уюмдар бийлик алардын пикирин эске албай иштеп чыккан бул долбоор сөз эркиндигине балта чабарын айтып чыгышкандан кийин президент Садыр Жапаров 7-декабрда мыйзамды “жеткире иштеп чыгуу үчүн” деген негизде 21 адамдан турган жумуш тобун түзгөн. Топтун курамына киргендердин 15и медиа тармагынан, калгандары бийликтин өкүлдөрү.

Президенттин администрациясы мыйзам долбоорун коомдук талкууга 15-майда чыгарган. 16-майга белгиленген талкуу үзгүлтүккө учураган. Буга долбоорду иштеп чыгуу үчүн түзүлгөн жумуш тобундагы медиа тармактын өкүлдөрүнүн президенттик администрацияга нааразылыгы себеп болгон. Жыйынга төрагалык кылган президенттин жана өкмөттүн укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Алмаз Айылчиев кооптонууга негиз жок экенин “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып билдирген:

“Биз аракет кылдык көп сунуштарын эске алганга. Бирок кээ бир нерселер бар, мисалы, Интернет басылмалар каттоодон өтүшү керек деген... Себеби, тилекке каршы, алардын кээ бирлери чыгарган маалыматта адам укугу бузулган болушу мүмкүн. Ал эми биздин Конституцияда “адам укугу кол тийгис, бирок эгер башка адамдардын укугун же улуттук коопсуздукту коргоо үчүн кээ бир адам укуктары мыйзам чегинде чектелиши мүмкүн” деп жазылган”.(RK)

XS
SM
MD
LG