Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:57

Буча шаарында курман болгондордун элесине арналган эстелик орнотулду


Украинанын желегинин артында турган аскер адамы. Иллюстрация.
Украинанын желегинин артында турган аскер адамы. Иллюстрация.

Украинанын Буча шаарында орус оккупациясында курман болгон тургундардын элесине арналган мемориал ачылды. Ага 501 адамдын аты-жөнү жазылган.

Былтыр апрелде орус армиясы мурда оккупацияланган жана бир ай кармаган Бучадан чыгып кеткенден соң калаага кирген украин аскерлери жүздөгөн жайкын тургундардын сөөгүн табышкан.

Украина бийлиги жана Батыш Бучадагы окуяларды согуш кылмышы деп атайт. Фактыларга карабай, Москва дооматтарды четке кагып, муну "Украинанын кутуму" деп атаган.

Орусияда Бучадагы окуя тууралуу маалымат тараткандарга ондогон кылмыш жана жүздөгөн административдик иштер козголду. Айыпталгандардын көбү узак мөөнөткө эркинен ажыратылган.

Буча - Киев облусунда жайгашкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG