Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:11

Францияда өлтүрүлгөн өспүрүмдүн чоң энеси нааразылыкты токтотууга чакырды


Франциядагы нааразылыктар маалында тартылган сүрөт.
Франциядагы нааразылыктар маалында тартылган сүрөт.

Францияда полиция кызматкеринин огунан каза тапкан 17 жаштагы Наэлдин чоң энеси өлкөдө жапырт нааразылыкка чыккандарды акцияларды токтотууга чакырды. Ал 2-июлда BFM TV телеканалына берген маегинде айрым жарандар өспүрүмдүн өлүмүн башаламандык үчүн шылтоо кылып жатканын айтты.

Ал арада Гренобль шаарынын соту кармалган демонстранттарга алгачкы өкүмдөрдү чыгара баштады. 18 жана 22 жаштагы үч жаран төрт айга чейин эркинен ажыратылды. Алар дүкөндөрдөн буюм уурдаганы үчүн күнөөлүү деп табылды.

Нантер калаасында 27-июнда 17 жаштагы өспүрүм полициянын колунан каза тапкандан кийин Париж баштаган бир катар шаарларда тоз-тополоң күчөгөн.

Полиция алгач өспүрүм патрулду сүзүп өтүүгө аракет кылганын, талапка баш ийбей койгондуктан, атып өлтүрүлгөнүн билдирген. Кийинчерээк окуянын тасмасы жарыяланып, ал полициянын версиясына карама-каршы келери көрсөтүлгөн.

Баарынан катуу кагылышуулар, талап-тоноолор Марсель шаарында катталды.

Франциянын президенти Эммануэл Макрон 2-июлда баштала турган Германияга сапарын жылдырды. Ал башаламандыктарга аралашкандардын үчтөн бир бөлүгү жашы жете электер экенин белгилеп, ата-энелерди жоопкерчиликтүү болууга чакырды.

Наэлдин өлүмүнө байланыштуу 38 жаштагы полиция кызматкери атайылап киши өлтүргөн деген айып менен камакка алынды.

XS
SM
MD
LG