Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:55

Конституциялык сот: прокурордун кылмыш ишин токтотуу токтому Баш мыйзамга каршы


Башкы прокуратура, иллюстрациялык сүрөт.
Башкы прокуратура, иллюстрациялык сүрөт.

Конституциялык сот прокурорлордун кылмыш ишин токтотуу жана кайра баштоо, жандандыруу токтомдору Баш мыйзамга каршы келет деп тапты. Тактап айтканда, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 35-беренесинин 1-бөлүгүнүн 11-пунктун жана, 260-беренесинин 1-бөлүгүн каралды.

Кодекстин 35-беренесинде прокурордун ыйгарым укугу көрсөтүлгөн. Анын 1-бөлүгүнүн 11-пунктунда көзөмөлдөөчү органдын өкүлү "тергөөчүнүн, тергөө бөлүмүнүн жетекчисинин, төмөн турган прокурордун мыйзамсыз жана негизсиз чечимин жокко чыгарууга, иш боюнча өндүрүштү токтотуу, кыскартуу жөнүндө токтомдорду чыгарууга" укук берилген. Ал эми аталган кодекстин 260-беренесинин 1-бөлүгүндө "кылмыш ишин кыскартуу жөнүндө тергөөчүнүн токтому жокко чыгарылганда кыскартылган иш боюнча өндүрүш прокурордун токтому менен кайра башталат", - деп жазылган.

"Конституциялык сот бул талаштуу ченемдер прокурорго мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү өз күчүн жоготпогон сот актысы менен ырасталган кылмыш ишин токтотуу жөнүндө токтомду жокко чыгаруу, ал боюнча өндүрүштү кайра баштоо мүмкүнчүлүгүн берүү Конституцияга карама-каршы келет деп эсептейт", - деп жазылган маалыматта.

Буга байланыштуу Башкы прокуратура азырынча комментарий бере элек.

Жогорку Кеңеш өткөн аптада, 29-июндагы жыйынында "Прокуратура органдары жөнүндө" мыйзамына өзгөртүү киргизүүнү колдогон. Долбоордо прокуратура органдарынан тергөө укугу алынып, Ички иштер министрлигине (ИИМ) жана Улуттук коопсуздук комитетине (УКМК) берүү каралган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG