Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:04

Бишкекте үч адамдын өлүмүнө шектүүнүн соту 11-июлга белгиленди


Киши өлтүрүүгө шектүү. Сүрөт ИИМге таандык
Киши өлтүрүүгө шектүү. Сүрөт ИИМге таандык

Бишкекте бир үй-бүлөдөн үч кишинин өлүмүнө шектүүнүн иши Октябрь райондук сотунда 11-июлда карала баштайт. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы 3-июлда “Азаттыкка” билдирди.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат кызматы кылмыш иши тергелип бүтүп, сотко өткөнүн 12-июнда билдирген.

Октябрь райондук сотунда баштапкы соттук угуулар өткөн.

Быйыл февралда 51 жаштагы аял, анын 17 жаштагы кызы жана жети жаштагы уулу өз үйүндө мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Кылмышка шектүү катары 36 жаштагы киши кармалган. Свердлов райондук соту анын бөгөт чарасын карап, 16-апрелге чейин №1 убактылуу тергөө абагына камоо чечимин чыгарып, кийин анын абактагы мөөнөтү узартылган.

Кылмышка шектүү деп айтылган Чынтемир Аширалиев 2021-жылдын ноябрь айында Баткендеги бир мандаттуу №2 шайлоо округунан талапкерлигин коюп, алты миңден ашык добуш алып, утулуп калган. Ага чейин УКМКда 15 жыл иштеп, майор чинин алган.

XS
SM
MD
LG