Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:26

Эсеп-кысапты сом менен гана жүргүзүүнү сунуштаган мыйзам долбоору талкууга чыкты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын улуттук банкнотторун өлкө аймагында гана чыгарууну жана эсептешүүүлөрдү сом менен жүргүзүүгө милдеттендирген мыйзам долбоору 30-июнда коомдук талкууга коюлду.

Жогорку Кеңештин депутаты Айсаракан Абдибалиева демилгелеген долбоордо өлкө аймагында кызмат көрсөтүүлөрдүн, товарлардын жана башка эсептешүү бааларын чет өлкөлүк валюта менен көрсөтүүгө, жүргүзүүгө тыюу салынат.

Бир гана соода ишинде экспорт-импорт кылган ишкерлерге жана эркин экономикалык аймактагы субъектилерге чет өлкөлүк валюта менен кредиттерди жана карыздарды берүүгө болот.

Мыйзам долбоору сомдун таасирин күчөтүп, эл аралык валюталардын курсунун өзгөрүүсүнөн улам баанын олку-солку болуусун алдын алуу максатын көздөй турганы маалымкатта жазылган.

“Учурда республикада ички соода, көбүнчө кыймылсыз мүлк, автотранспорт, кредиттер, турларды уюштуруу иштери чет элдик валюта менен жүргүзүлүп жатканы байкалууда. Бул биздин улуттук валютабыз “сомго” басымдын күчөшүнө себеп болуп жатат. Насыя берүү системасында турак жайды бөлүп-бөлүп сатып алгандар валюта курсу кескин көтөрүлүп кеткенде же жасалма түрдө жогорулаганда карыздарын төлөөдө кыйынчылыктарга туш болушат”, - деп айтылат маалымкатта.

Президент Садыр Жапаров 9-июнда улуттук валютанын кабыл алынганынын 30 жылдыгына арналган иш-чарада жакында Кыргызстандын акча бирдиги өлкө аймагында басылып чыга баштай турганын билдирген. Ал керектүү техника алынганын, бул багытта иштер жүрүп жатканын айткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG