Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:51

Навальный менен кездеше албай жаткан үй-бүлөсү абак жетекчилигин сотко берди


Алексей Навальный учурда Владимир облусунун Мелехово шаарчасындагы күчөтүлгөн тартиптеги түрмөдө тогуз жылдык жазасын өтөп отурат.
Алексей Навальный учурда Владимир облусунун Мелехово шаарчасындагы күчөтүлгөн тартиптеги түрмөдө тогуз жылдык жазасын өтөп отурат.

Абактагы орусиялык оппозициячыл саясаты Алексей Навальныйдын үй-бүлөсү аны менен жолуктурбай жатканы үчүн №6 колонияны сотко берди. Бул тууралуу саясатчы Телеграм-каналына жазды. Анда соңку бир жылда үй-бүлөсү, туугандары менен бир дагы жолу жолукпаганын айткан. Ага 11 айдын ичинде эки гана жолу телефондон сүйлөшкөнгө уруксат берилгенин билдирди.

Навальный мыйзамга ылайык, бир жылда үй-бүлөсү менен үч узак, үч кыска мөөнөттөгү жолугушууга уруксат берилгенин, алар менен алты жолу телефондон сүйлөшсө болорун белгиледи.

"Түрмө системасындагы аткаминерлер "дисциплинардык чара" деген шылтоо менен мен үчүн бардыгына тыюу салынган атайын режим ойлоп тапты",-деп жазды Навальный. Ал өзүнүн эле эмес, аны менен жолуга албай жаткан үй-бүлөсүнүн дагы укугу бузулуп жатканына токтолду.

Жаза аткаруу кызматынын жетекчилиги буга байланыштуу комментарий бере элек.

Навальный учурда Владимир облусунун Мелехово шаарчасындагы күчөтүлгөн тартиптеги түрмөдө тогуз жылдык жазасын өтөп отурат. Ал абактын айып изоляторуна (ШИЗО) баш-аягы 16-жолу отуруп чыккан.

Саясатчы 2021-жылдын башында Орусияга Германиядан дарылануудан кайтып келатканда кармалган. Бир нече кылмыш иши козголуп, соттолгон. Ушул тапта экстремизмге байланыштуу айыпталган иш боюнча сот процессине даярдык жүрүүдө. Тергөө аны "террордук жамаат" түптөгөн деп айыптап жатат. Өзү муну "саясий куугунтук" деп эсептейт.

Навальныйдын тарапташтары оппозиционер орус президенти Владимир Путиндин саясатын ачык сындаганы үчүн соттолуп жатканын белгилешет. Кремл муну четке кагып, кылмыш иштерине кийлигишпей турганын билдирген.

XS
SM
MD
LG