Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:06

Садыр Жапаров Ысык-Көлдөгү ыйгарым укуктуу өкүлүнө сөгүш берди


Илияз Иманбетов.
Илияз Иманбетов.

Президент Садыр Жапаров 4-июлда Ысык-Көлдөгү ыйгарым укуктуу өкүлү Илияз Иманбетовго сөгүш берди. Басма сөз кызматы тараткан маалыматта, ал мындай жазаны "тапшырылган милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбаганы үчүн" алганы жазылган.

"Президенттин "Ысык-Көл облусунун тургундарынын пляждык зоналарга кирүү укугун камсыз кылуу жөнүндө" жарлыгын аткаруу жоопкерчилиги президенттин аталган облустагы өкүлүнө, акимчиликтерге, өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына жүктөлөт. Бүгүнкү күндө айрым пансионаттарында дарбазалар, тосмолор толугу менен алынып салынган эмес, ошондой эле көлдүн жээгинен курулуш материалдары ушул күнгө чейин чыгарыла элек. Мындан тышкары, Илияз Иманбетов Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан коомдук тамактануу объектилерин мыйзамсыз курууга жол берген",- деп жазылган маалыматта.

Өткөн айда Садыр Жапаровдун аталган облустун тургундарынын көл жээктерине тоскоолдуксуз кирүүсү жөнүндө бир жыл мурун чыгарган жарлыгы өзгөртүлгөн. Ага ылайык, эркин кирүүсүнө тоскоол болгон тосмолор (дубал, торчо, темир торлор) алынат, аларды мындан ары курууга тыюу салынат деп жазылган.

Президенттин 2022-жылдын майында чыгарган жарлыгынын негизинде былтыр 1-июлдан тартып көлдүн жээгинде ачык эшиги жок тосмолор алынмак. Азыр киргизилген өзгөртүүдө жарлыктан "эшиги жок тосмолор" деген сөз алынган.

Былтыркы жарлыкта санаторийлер, пансионаттар, эс алуу үйлөрү, коттеждер ар кандай тосмолорду орнотуп, тургундардын жээкке кирүү укугун чектеп жатканы көрсөтүлгөн.

Көл жээгинен ары-бери өткөндө пансионаттардын күзөтчүлөрү менен жергиликтүүлөрдүн ортосунда чатак чыгып, тосмолор талкаланган учурлар болгон. Тургундар көлдүн жээгине ээн-эркин кире албай калганына даттанган учурлар бар.

XS
SM
MD
LG