Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:07

Арча-Бешиктин таза суу маселеси чечилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектин Арча-Бешик конушунун курч көйгөйгө айланган таза суу маселеси чечилди. Бул тууралуу бүгүн 5-июлда “Азаттык” радиосуна “Бишкексууканал” ишканасынан билдиришти. Мекеменин маалымат катчысы Эрлан Тимуровдун айтымында, көйгөй жоюлганына эки күн болду:

“Эки күндөн бери проблема жок. Арча-Бешик кечээтен тартып суу менен күнү-түнү камсыздалууда. Себеби жер астындагы суунун деңгээли жогорулоодо, эл арасында сууну сарамжал пайдалануу боюнча түшүндүрүү иштери натыйжасын берүүдө, мөңгүлөр эрип, карасаңыз, Малдыбаев каналында, Аламүдүн дарыясында баарында суу бар”.

Тимуров билдиргендей, борбор калаанын башка конуштарында ичүүчү суу боюнча маселе жок.

Арча-Бешиктин тургундары таза суудан кыйналып жатканын айтып бир ай мурда нааразылык акцияларын уюштурушкан, алар жол тосконго чейин барышкан.

Чүй облусунун Сокулук районунун Бишкек менен чектешкен бир нече айылы да эки айдан бери суусу жок отурушат.

3-июлда аталган айылдардын тургундары менен өкмөт башчы Акылбек Жапаров жолугуп, маселени чечүү жолдору бар экенин, бул багытта иш башталганын айткан.

Ал “Бизге убакыт бергиле, 2-3 жыл ичинде борборду дагы, Чүй облусун дагы суу менен камсыз кылуу маселесин толук чечебиз”, – деп, Бишкек мэриясына аталган айылдарды бир жума ичинде жадыбал боюнча таза суу менен камсыздоо маселесин чечүүнү тапшырганын өкмөттүн басма сөз кызматы билдирген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG