Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:55

Казакбаев Акташ менен жолугушууда мигранттар көйгөйүн көтөрдү


Руслан Казакбаев менен Мехмет Акташ. Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги 5-июлда тараткан сүрөт.
Руслан Казакбаев менен Мехмет Акташ. Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги 5-июлда тараткан сүрөт.

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев 5-июлда түрк ички иштер министринин орун басары Мехмет Акташ менен жолукту. Анда элчи ага бир канча күндөн бери дайыны чыкпай жатып табылган кыргызстандык кызды издөө иштери ыкчам жана натыйжалуу жүргөнү үчүн ыраазычылык билдирди.

Казакбаев ошондой эле кыргыз жарандары үчүн Түркиядагы визасыз режимди 90 күндөн 120 күнгө чейин узартуу мүмкүнчүлүгүн карап көрүү керектигин айтты.

Түркияда жашоого уруксат алуу шарттарын жеңилдетүү, кыргызстандыктардын мыйзамдүү жүрүү мөөнөтүн узартуудан баш тартууларды азайтуу маселесине токтолду. Андан сырткары элчи Түркияда мыйзамсыз жүргөндө кармалган кыргыз жарандарынын айыпсыз жана тыюу салуусуз чыгып кетүүсү, аларга миграциялык мунапыс берүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүүгө чакырды.

"Мехмет Акташ кыргыз тараптын сунуштарын изилдеп, бул багытта Түркиянын тиешелүү органдары менен бирге иш алып барууга даяр экенин билдирди. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар жакынкы аралыкта эки өлкөнүн ички иштер министрлеринин өз ара сапарларын уюштуруу, ошондой эле биргелешкен иштерди улантууну макулдашты",- деп жазылган маалыматта.

Расмий маалыматка ылайык, Түркияда 25 миңдей кыргызстандык жашап, окуп жүрөт. Алардын үч миңге жакыны гана эмгек визасы менен иштесе, дээрлик көбү бир жылдык туристтик виза менен баргандар. Негизинен Анкара, Стамбул жана Анталия сыяктуу шаарларда эмгектенишет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG