Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:13

Иран мунай ташыган эки танкерди кармоого аракет кылды


Мунай танкерлери Ормуз кысыгы аркылуу өтүүдө. Архивдик сүрөт.
Мунай танкерлери Ормуз кысыгы аркылуу өтүүдө. Архивдик сүрөт.

АКШнын деңиз аскер күчтөрүнүн маалымдашынча, Иран 5-июлдун таңында стратегиялык Ормуз кысыгына жакын жерде мунай ташыган эки танкерди басып алууга аракет жасап, алардын бирин аткылаган.

Кооптуу абал туурасында белгиге АКШ күчтөрү жооп бергенден кийин Ирандын деңиз күчтөрүнүн кемелери артка чегинген. Натыйжада мыйзам чегинде кетип бара жаткан эки коммерциялык кеме сапарын улаган. АКШнын деңиз аскер күчтөрүнүн бешинчи флотунун өкүлү Тим Хокинс аткыланган кемеде жабыркагандар болбогонун жана кеме олуттуу зыян тартпаганын билдирди.

Ормуз кысыгы дүйнө жүзүндөгү эң маанилүү стратегиялык аймак болуп саналат. Суюлтулган жаратылыш газынын үчтөн бир бөлүгү жана жалпы дүйнө керектеген мунайдын дээрлик 25% ушул кысык аркылуу өтөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG