Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:07

Адахан Мадумаров партиялаштарынын кармалышы боюнча комментарий берди


Адахан Мадумаров.
Адахан Мадумаров.

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров партиянын айрым мүчөлөрүнүн кармалышы тууралуу комментарий берди.

Ал 6-июлда “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып алар 28-майда Бишкектеги №26 Ленин шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына кайра шайлоого байланыштуу кармалганы тууралуу маалыматы бар экенин айтты.

“Ал шайлоо өтүп, кийин жараксыз деп табылганы качан. Бирок маселе башкада. Өзүнүн пикирин ачык айткан, өзүнүн көз карашы бар активдүү кыргыз жарандарынын баарын коркутуп-үркүтүп, коомду нес абалга алып келүү. Кыргыз жарандарында бүгүн өз алдынча оң жагына, сол жагына же артына караганга укук жок. Жаан жаап жатса, жаан жаап атат деп айтууга укугу жок. Күн ысыса ысыды, суу жок болсо жок деп айтканга укугу жок деген деңгээлге алып келишти”.

6-июлда “Бүтүн Кыргызстандын” беш мүчөсү кармалганын партиянын мүчөсү Нурбек Кубанычбеков билдирген. Бирок алар кайсы жакта экени жана кандай жагдайда кармалганы тууралуу маалыматы жок экенин айткан.

Кубанычбековдун айтымында, кармалган беш кишинин арасында Майрам Сатарова, Артур Бакиров, Мирлан Ураимов бар, калган эки кишинин аты-жөнү азырынча белгисиз.

Социалдык тармактарда “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү Артур Бакировго келген чакыруу экени айтылган сүрөт жарыяланды. Анда ал УКМКнын Чүй облусундагы башкармалыгына күбө катары суракка чакырылганы жазылган.

Атайын кызмат кармоо тууралуу комментарий бере элек.

28-майда №26 Ленин шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына кайра шайлоо өткөн. Дамира Ниязалиева менен Улан Сариев “шайлоочулардын добушун сатып алууга” шек саналып, Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапкан.

Бул шайлоого “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү, ушул тапта Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткан Акыл Айтбаев да талапкер болуп катышкан. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG