Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:40

Президенттин тууганы ишкерлер, бажычылар иши боюнча камалганы ырасталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков 6-июлда Садыр Жапаровдун тууганы Улан Жапаровдун камакка алынганын ырастады.

Ал Фейсбуктагы расмий баракчасында 32 жаштагы Улан Жапаров президенттин аталаш тууганы Ракымжан Жапаровдун тун уулу экенин бышыктады. Анын кармалышын президент Садыр Жапаров "эч кимди аяп, коргоп же калкалабайт" деген таризде түшүндүрдү.

"Ал ишкерлер менен бажычылар аралашкан мыйзамсыз иште тиешеси болгон деп шектелип ИИМ тарабынан кармалып, камакка алынды.
Тактап кетейин, президент Садыр Жапаров кимде ким мыйзам бузса, жакындары экенине карабай мыйзам алдында жазалана турганын эскерткен. Президенттин, анын жакындарынын, жогорку кызматтагы жетекчилердин атын жеке кызыкчылыктарына пайдалангандарга дагы катаал чаралар колдонуларын эскертебиз", - деп жазды Орунбеков.

Бишкектин Биринчи май райондук соту Улан Жапаровдун бөгөт чарасы 3-июлда каралып, ал 26-июлга чейин Жаза аткаруу кызматынын №21 тергөө абагына камалганын буга чейин "Азаттыкка" билдирген.

Анын жакындары, адвокаты тараптан комментарий боло элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG