Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:04

Орус армиясынын Львовго жасалган соккусунда төрт киши курман болду


Парамедиктер орус армиясынын соккусунан талкаланган үйдөн карапайым тургунду чыгарып баратышат. Львов. 6-июль, 2023-жыл.
Парамедиктер орус армиясынын соккусунан талкаланган үйдөн карапайым тургунду чыгарып баратышат. Львов. 6-июль, 2023-жыл.

Украин бийлигинин өкүлдөрү билдиргендей, Львов шаарына жасалган орус армиясынын ракеталык соккусунан кеминде төрт киши мерт кетти. 6-июлда Ички иштер министрлиги 34 адам, анын ичинде бир ымыркай түнкү аткылоонун натыйжасында жаракат алганын кабарлады.

Карапайым тургундар жашаган көп кабаттуу үйдүн үстүңкү эки кабаты жана чатыры талкаланган.

Шаар бийлиги маалымдагандай, канаттуу ракеталардын соккусунан 60 батир жана 50дөй автоунаа жабыркаган. Куткаруучулар урандылардын алдынан жети кишини алып чыгышты.

Украинанын президенти Владимир Зеленский набыт болгондордун үй-бүлөлөрүнө көңүл айтты.

«Душманга сөзсүз жооп кайтарылат», - деди ал.

Украинанын Куралдуу күчтөрү 6-июлга караган түнү абадан жети канаттуу ракета атып түшүрүлгөнүн билдирди.

5-июлда CNN каналын менен маекте Владимир Зеленский контрчабуул ал каалагандан кеч башталганын, буга Батыштын өз убагында курал-жабдыкты жеткирбегени себеп болгонун маалымдады. Президент кошумчалагандай, мындан улам орус аскерлеринде коргонууну бекемдөөгө убакыт болгон.

XS
SM
MD
LG