Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:40

Львовго урулган соккуда ЮНЕСКОго кирген тарыхый жай зыян тартты


Медиктер Львовго урулган соккуда жабыркаган тургунга жардам берип жатышат.
Медиктер Львовго урулган соккуда жабыркаган тургунга жардам берип жатышат.

Орусиянын армиясынын 6-июлга караган түнү Украинанын Львов шаарына жасаган ракеталык чабуулунан набыт болгондор төрт кишиге жетти. Жергиликтүү бийлик ондогон имарат, батирлер зыян тартканын билдирди. Жараат алгандар 30дан ашты. Бул согуш башталгандан берки Львовдун жарандык инфраструктурасына жасалган эң ири чабуул катары сыпатталууда.

Расмий маалыматка ылайык, политехникалык университеттин жатаканасы жана бир канча кеңсе имараттары зыянга учурады. Калаада жарык өчүп, уюлдук байланыш жакшы иштебей калды. Украинанын маданият жана маалымат саясаты министрлиги ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген “Львов – тарыхый борборунун ансамбли” да жабыркаганын маалымдады.

Президент Зеленский окуяны террорго теңеп, буга жооп кайтарыларын Телеграмга жазды.

Украин армиясынын маалыматына ылайык, Львовго түнкү саат бирлерде Кара деңизден "Калибр" ракеталары менен сокку урулган. Атылган он ракетанын жетөөнүн мизи кайтарылган.

Орусиянын Коргоо министрлиги Львовго жасалган чабуулга комментарий берген жок. Ынанымдуу далилдерге карабай, Кремль Украинадагы карапайым калкты атканын моюнуна албайт жана "аскердик түзүмдөргө тиешеси бар объектилерге" гана сокку урарын айтып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG