Орусия Украинанын Львов шаарына ракеталык чабуул жасап, бери дегенде төрт киши мерт болду. Жергиликтүү бийлик 50дөй имарат зыян тартканын билдирди. Атайын кызмат “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын он мүчөсүнүн үйүн тинтип, экөөнү кармады. Партиянын лидери Адахан Мадумаров бул окуяны саясий куугунтук катары баалап жатат. Президент Садыр Жапаровдун аталаш тууганы Ракымжан Жапаровдун тун уулу Улан Жапаров кармалды. Ал бажыдагы коррупциялык схемаларга катышкан деп шектелүүдө.
Украина: Львовдогу соккудан төрт киши курман болду
Чыгарылыштар
-
Июль 17, 2026Бишкек соту Имамидин Ташовду сегиз жылга кести
-
Июль 15, 2026“Сөгүп, ур-тепкиге алышат”. Абактагы Аскаттын каты
-
Июль 13, 2026Абактагы Алга Кылычевдин абалы кандай?
-
Июль 10, 2026Казак полициясы чек арада машинелерди текшерет