Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:39

Жыл башынан бери кызамык жуккан миңден ашык учур катталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанда кызамык жуккан учурлар көбөйүп жатканын билдирди. Мындан улам бул дартка каршы вакцинанын убагында алуу маанилүү экенин эскертти. Мекеменин маалыматына караганда, оору жуктургандардын дээрлик 81% эмдөөдөн өтпөгөндөр экенин белгиледи.

"Жыл башынан бери Кыргызстанда кызамык жуккан 1001 учур катталды. Ооругандардын көбү (81%) бул ооруга каршы эмделген эмес. Вакцина албагандардын 29% жашы жетек электигине алты жана сегиз ай) байланыштуу эмделген эмес. Калган 33% эмдөөдөн баш тарткан. Ал эми 8% медициналык көрсөткүчтөрдөн улам вакцина сайылган эмес, калган 10% эмдөө макамы белгисиз",- деп жазылган маалыматта.

Кызамык - аба аркылуу жугуучу өтө жугуштуу жана оор илдет. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму бул оорудан жыл сайын жүз миңдеген адам каза болуп жатканын, алардын көбү беш жашка чыга элек наристелер экенин айтып келет. Оору өтүшүп кетсе, пневмония, мээнин шишигине алып келип, адам азиз болуп калуу коркунучуна кептелет. Башка жугуштуу оорулардай эле анын алдын алуунун жалгыз жолу – эмдөө.

Кыргызстанда бир катар оор, жугуштуу ооруларды алдын алуу максатында балдар төрөлгөн күндөн тартып атайын жылнаама боюнча бекер эмделет.

XS
SM
MD
LG