Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:36

Өспүрүмдөр абагында сегиз балага аттестат жана күбөлүк берилди


ЖАМК тараткан сүрөт.
ЖАМК тараткан сүрөт.

Чүйдүн Панфилов районундагы №14 тарбиялоо колониясындагы алты окуучу 9-классты аяктаганы тууралуу күбөлүк, эки окуучу 11-класттын аттестатын алышты. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) кабарлады.

Кыргызстандагы өспүрүмдөр үчүн колония Панфиловдун Вознесеновка айылында жайгашкан. Мекемеде 14 жаштан 18 жашка чейинки эркек балдар жазасын өтөйт.

Абакта киши өлтүрүү, зордуктоо, уурулук, каракчылык сыяктуу оор кылмыш жасагандар отурат. Алардын саны расмий айтылбайт. Кылмыш кылган өспүрүм жаза мөөнөтү 18 жашка чыкканга чейин аяктабаса, калган мөөнөтүн чоңдор отурган түрмөдө өтөйт.

2022-жылдын январына карата тергөө абактарында 113 аял, жашы жете элек 41 өспүрүм түрдүү кылмышка шек саналып тергөө абагында отурганы айтылган.

Жаза аткаруу кызматынын карамагында жалпы 26 мекеме бар. Анын ону жатак абак, алты тергөө изолятору, ону түрмө. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG