Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:22

Жо Байден Украинаны НАТОго кабыл алууга азыр эрте экенин айтты


Жо Байден.
Жо Байден.

АКШ президенти Жо Байден Украинаны НАТОго кабыл алууга азырынча эрте экенин билдирди. Жекшембиде CNN телеканалы көрсөткөн маегинде Байден альянс Киевди уюмга кабыл алууну согуш аяктагандан кийин гана карай аларын айтты. Болбосо бул НАТО менен Орусиянын ачык тирешүүсүнө жол ачышы мүмкүндүгүн эскертти.

Байден ошол эле учурда Вашингтон менен анын өнөктөштөрү Украинага Орусиянын чабуулунан коргоого керектүү курал-жарактарды жөнөтүүнү уланта берерин бышыктады.

Өткөн аптада НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг ушул жумадагы Вильнюстагы саммитте Украинанын Түндүк Атлантика альянсына кирүүсүн тездете турган программа кабыл алынышы мүмкүн экенин айткан. Столтенберг мүчө мамлекеттердин лидерлери үч баскычтан турган программаны колдоп берерине үмүттөнөрүн белгилеген.

Литванын борбор шаарындагы эки күндүк жыйынга украин президенти Владимир Зеленскийдин катышары болжолдонуп жатат. Альянска мүчө мамлекеттер Киевдин НАТОго кошулуусу боюнча бирдиктүү жообун бере элек. Мурдараак эгер альянска мүчө мамлекеттердин лидерлери Украинаны катарына кошуу жараянын баштоодон баш тартса, Зеленский саммитке катышпай турганы кабарланган.

Чыгыш Европадагы мамлекеттер согуш бүтөрү менен НАТОго мүчө болуу тууралуу Украинанын сунушун колдоп келет. Ал эми альянстын негизги державалары 2008-жылы берген убадаларын сактай турганын билдиришкен. Анда Украинанын НАТОго кошулуусу кайсы бир мөөнөт менен чектелбеши керек экени айтылган.

XS
SM
MD
LG