Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:43

ИИМ Борбор Азияга баңгизат тараткан топтун мүчөсү кармалганын кабарлады


ИИМ тарткан сүрөт.
ИИМ тарткан сүрөт.

Ички иштер министрлиги Чүйдүн Аламүдүн районунан баңгизат тараткан эл аралык топтун мүчөсү деп шек саналган 22 жаштагы жаран кармалганын билдирди.

Милиция шектүүнүн автоунаасына тинтүү жүргүзүп, алты килограмм мефедрон психотроптук зат табылган белгиледи.

Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (“Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо”) менен иш козголду.

ИИМ тергөөгөнүн жүрүшүнө таянып, топ Борбор Азияга ири өлчөмдө баңгизат жөнөткөнүн, алардын кирешеси 33 миллион сомдон ашык сумманы түзүшү мүмкүн экенин билдирди. Милициянын маалыматында алар баңгизатты интернет аркылуу саткан.

“Азаттык” Кыргызстанда баңгизаттын онлайн тарашын иликтеген. Иликтөөдө Телеграм каналдар аркылуу “мефедрон”, “спайстан” баштап героинге чейин сатылып жатканы айтылган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG