Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:32

ТИМ Германияда террорчулукка шек саналган кыргызстандык жөнүндө маалымат таратты


Германиядагы полиция кызматкерлери кезектеги рейд маалында. 22-март, 2023-жыл. Жаңылыкка тиешеси жок сүрөт, иллюстрация катары тиркелди.
Германиядагы полиция кызматкерлери кезектеги рейд маалында. 22-март, 2023-жыл. Жаңылыкка тиешеси жок сүрөт, иллюстрация катары тиркелди.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Германияда теракт уюштурууну көздөгөн деген шек менен кармалган борбор азиялыктардын арасындагы кыргызстандык жаран жөнүндө маалымат таратты.

“Айыпталуучулар Германияда террордук уюмду түзүүгө шек саналып, тыюу салынган "Ислам мамлекети" террордук уюмун колдогон деп айыпталууда. Жакынкы күндөрү кармалган жарандарга карата соттун чечими күтүлүүдө”, - деп айтылат ТИМдин билдирүүсүндө.

ТИМ окуя боюнча Кыргызстандын Германиядагы элчилиги ал өлкөнүн күч органдары менен байланышып жатканын кошумчалады.

Германиянын полициясы 6-июлда ири теракттарды уюштуруу максатында "Ислам мамлекети" экстремисттик тобуна окшош уюм түзүүгө шек саналган жети кишини кармаганын Рейтер агенттиги прокуратурага таянып жазган. Алар кыргыз, тажик, түркмөн жарандары болгон.

Маалыматка караганда, Түндүк Рейн-Вестфалия аймагында кармалгандар бири-бирин көптөн бери билген жана баары Германияга Украинадан, ал жакта согуш башталгандан көп өтпөй барган.

Алар ошол эле 2022-жылы террордук уюм түзүп, Германияда бутага алчу жерлерди караштырып, курал-жабдык табуу аракетин көрүп жүргөн.

Прокуратура билдиргендей, алардын кайсы бир жерге кол салуу боюнча так пландары болгон эмес. Аброржон К. деген кыргызстандыктан башкасынын баары 2022-жылдын апрелинен тарта "Ислам мамлекети" террордук уюму үчүн да акча чогултуп, бир нече ирет чет өлкөдөгү эсептерге каражат которууга да жетишкен. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG