Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:34

Краснодарда мобилизациялоо бөлүмүнүн башчысынын орун басарын атып кетишти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Краснодар аймагында мобилизациялоо бөлүмүнүн башчысынын орун басары Станислав Ржицкий киши колдуу болду. Жергиликтүү басылмалар ал дүйшөмбү күнү эртең менен чуркоого чыкканда атып кетишкенин, ошол жерде жан бергенин жазышты.

42 жаштагы Ржицкий буга чейин флотто кызмат кылган жана "Калибр" ракеталары менен жабдылган "Краснодар" суу алдындагы кемесинин командири болгон. Украиналык басылмалар анын кемеси өткөн жылы июлда Винницы облусундагы кагылышууга катышканын жазышкан.

Ушундай аты-жөнү бар адам орус армиясынын аскердик кылмыштарын каттаган украиналык "Миротворец" сайтындагы тизмеге киргизилген. Ал жерде Ржицкий Орусиянын Украинага каршы согушуна түздөн-түз катышкан "Алроса" суу алдындагы кемесинин командири экени жазылган. Ржицкий флоттон мобилизациялоо бөлүмүнүн башчысынын орун басарлыгына качан кеткени белгисиз.

Укук коргоо органдары анын өлтүрүлүшүнө байланыштуу тергеп-иликтөө ишин баштады. Телеграм-каналдарда кылмыш болгон жерде ага ок чыгарган адамга таандык болушу ыктымал деген смарт-саат, кулакчын табылганы маалымдалды.

2022-жылдын 24-февралында Орусия Украинага басып кирип, согуш баштаган. Орусияда ошол эле жылдын сентябрь айында аскердик мобилизация жарыяланган. Андан кийин жүз миңдеген киши, басымдуусу аскерге жарактуу эркектер өлкөдөн чыгып кеткен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG