Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:37

Чек ара: кыргыз-тажик жумушчу топторунун жолугушуусу аяктады


Жолугушуу 3-9-июль күндөрү Баткен шаарында өттү.
Жолугушуу 3-9-июль күндөрү Баткен шаарында өттү.

Баткен шаарында 3-9-июль күндөрү Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өттү. Өкмөттүн басма сөз кызматы анын жыйынтыгында тиешелүү протоколдорго кол коюлганын маалымдады, бирок анын мазмунун ачык айткан жок.

Келерки жолугушуу эми Тажикстанда өтөт.

Буга чейин, Министрлер кабинетинин чек ара боюнча өкүлү Назирбек Бөрүбаев оор тилкелер тууралуу сүйлөшүүлөр жүрөрүн "Азаттыкка" билдирген.

“Чек ара маселеси тез эле чечилип калбайт да. Талашып-тартышып отуруп, анан бир макулдашууга келебиз. Анын үстүнө азыр өтө оор жерлер калган. Ошондуктан бири-бирибизге далилдерди келтирип ошонун негизинде орток пикир табылып чечилет”, - деген Бөрүбаев.

Эки өлкөнүн ортосунда жалпысынан 972 чакырым чек ара тилкеси бар, аны тактоо иштери 2002-жылы башталган. 664 чакырым боюнча орток пикир бар экенин 2022-жылдын 17-апрелинде эки өлкөнүн президенттери ырасташкан.

Чек ара такталып бүтө элек болгондуктан, буга чейин эки өлкө ортосунда түрдүү куралдуу кагылыштар, адам өмүрүн алган кандуу окуялар катталган.

Быйыл 2-июнда президент Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугуп, чек ара маселесин талкуулаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG