Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:21

Чаткалда адам атууга шек саналган тургун эки айга камалды


Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районунун 38 жаштагы Ж.С.К аттуу тургунун аткан 30 жаштагы С.Ж.С аттуу жаран соттун чечими менен эки айга камалды. Бул тууралуу "Азаттыкка" облустук ички иштер башкармалыгынын билдирди. Милициянын маалыматына караганда, окуя 7-июлда 14.30дар чамасында болгон. Ок жеген адам оор абалда алгач райондук ооруканага түшкөн, кийин Бишкек шаарына которулган.

Учурда бул фактыны тергеп-иликтөө жүрүп жатат. Милиция ок атууга жеткен окуя тууралуу кеңири маалымат берген жок.

Айрым маалыматтарга караганда, жараат алган жана ок чыгарган адам дагы уюшкан кылмыш тобуна тиешеси болгон. Бул маалыматты милиция азырынча ырастай элек.

Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, ушул тушта 1200дөй адам уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары милициянын каттоосунда турат. Алар кримтөбөлдөр Камчы Көлбаев, Азиз Батукаев жана Алмаз Бокушевдин тобуна киргендер. Былтыр мындай топтордун 153 мүчөсү кармалган жана алардын 17синин криминалдык чөйрөдө өзгөчө макамы болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG